Ири чөйчөкчөлүү примула (лат. Primula macrocalyx, Bunge) - Көптөгөн агыш же күрөң боо сымал тамырлуу, тамыр сабактуу көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары учсуз, узундугу 13-20 см, туурасы – 2,2–5,6 (7) см келген, канатчадай жалбырак саптуу. Гүл тобунун сабы узундугу боюнча жалбырактарынан бийик. Топ гүлү чатырча сымал, гүлдөгөн маалында бир жакты көздөй бир аз имерилген. Чөйчөкчөсү кеңири коңгуроодой, көпкөн сымал, 10-18 мм узундукта. Таажычасы сары, ийилишинин диаметри 1,0–1,5 см. Кутучасы жумуру, чөйчөкчөсүнөн 2 эсе кыска.

Ири чөйчөкчөлүү примула.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май айында гүлдөп, июнда мөмө байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргыз тоо кыркасынын түндүк капталы. Кегети, Шамшы жана Талдыбулак дарыяларынын аралыгы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Бийик чөптүү шалбаа жана токой алкактарындагы токойлуу аянттарда, шалбаалуу тоо беттеринде өсөт.

Саны түзөтүү

Өтө аз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Дары чөп катары массалык түрдө гүлүн жана өсүмдүктүн өзүн чогултуу.

Өстүрүү түзөтүү

Кыргызстанда өстүрүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн популяциясынын абалын аныктап, ботаникалык заказник уюштуруп, декоративдүү жана дары-дармек чөп катары КР УИАнын Ботаника багына интродукциялоо керек.

Статусу түзөтүү

VU.Кыргызстанда өтө сейрек таралган, витаминдүү жана декоративдүү өсүмдүк. Чектелген аянттарда кездешкен, тез аранын ичинде жоголуп кетүүсү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү