Исаакян Аветик Саакович [19 (31). 10. 1875, Казарапат, Алксандрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР Илимдер академиясынын академиги (1943). Диний семинарияда окуган (1889–92). Чыгармачылыгы 1892жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Ырлар жана жаракаттар» (1897). Орус падышалыгы, түрк султаны, жергиликтүү эзүүлөрдөн жабыр тарткан армян элинин муң-кайгысын ырга кошкон, биринчи орус революциясынын тушунда социалдык жана улуттук эзүүгө каршы ырлар жазган. 1909–11-ж. «Абул Ала Маари» аттуу философиялык поэма жараткан. 1911-жылдан келип-кетип чет мамлекетте жашаган. 1936-ж. Арменияга биротоло келип, маданий-коомдук зор иштерди жүргүзгөн, жаңы ыр циклдерин жазган («Биздин тарыхчылар жана гусандар», 1939; «Мекениме», 1940; «Армян архитектурасы», 1942). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы чыгармаларында патриотизм негизги орунду ээлейт («Жүрөгүм менин тоо башында», 1941; «Улуу жеңиштин күнү», 1945 ж. б.). Бул чыгармалары үчүн Исаакянга СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946) берилген. Ырлары бир катар чет тилдерге которулган. Армян ССР Жогорку Советинин (2–4-шайланышынын) депутаты. Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Чыгармалары: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү. Ырлар жана поэма. Ф., 1975.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү