Исабеков Ниязбек (18.3.1929, Ак-Таш айылы - 22.11.2000, ошол эле жер) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, эл агартуунун отличниги.

  • Прежевальск (Каракол) педагогикалык окуу жайын (1952), Ош мамлекеттик педагогика институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүткөн (1959).
  • 1945-47-жылдары Жер-Капчыгай айылындагы Ф. Энгельс атындагы башталгыч мектепте мугалим,
  • 1947-48-жылдары Ак-Таш башталгыч мектебинде мугалим,
  • 1950-61-жылдары Жаш-Тилек (азыркы Усупбек уулу Кубатбек) жети жылдык мектебинде директор,
  • 1961-66-жылдары Айгыр-Жал айылындагы М. Горький атындагы мектепте директор,
  • 1966-72-жылдары Жаңы-Базар айылындагы Чаткал орто мектебинде мугалим болуп иштеген.
  • 1972-89-жылдары Жаш-Тилек жети жылдык мектебинин директору болуп иштеп турганда, ал мектепти сегиз, андан кийин он жылдык мектеп кылып уюштурууга жетишип, 3-имараты салынган.

Кыргызстан КП БКнын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР элге билим берүү министирлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. И.Кыргыз ССРинин «Эмгек Даңкы» китебине катталган (1985).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6