Исаев Беделбай (1911-жылы азыркы Кара-Кулжа районунун, Токбай-Талаа кыштагы) — айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социлистик Эмгектин Баатыры (1948). 1941-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1929-жылы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1937-40-жылдары «Ленинчил жаш» колхозунда (Совет району) мал ферма башчысы, 1940-41-жылдары Чалма айыл советинин председатели, 1941-жылдан «Ленинчил жаш» колхозунун председате¬ли. 1947-жылы ал жетектеген колхоз райондогу алдыңкы чарбага айланып, коомдук малдын саны көбөйгөн, алардын кунардуулугу жогорулаган; бодо мал 112,8%, кой 132%, жылкы 111%ке көбөйгөн. 1951-59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыгы түзөтүү

Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.