Исаев Жусупали Калматович

Исаев Жусупали Калматович түзөтүү

 
Исаев Жусупали Калматович.

Туулган жери түзөтүү

1955-жылы, 10-февралда Тажикстандын Шураб шаарында туулган.

Билими түзөтүү

Жогорку, 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу түзөтүү

1971-1972-жылдары "Кулунду" колхозунда эмгектенген. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1980-1985-жылдары Лейлек районундагы жол-курулуш башкармалыгында иштеген. 1985-1986-жылдары Лейлек РК КПсынды пропаганда жана агитация боюнча инструктор. 1986-1987-жылдары Лейлек райондук жол-эксплуатациялоо курулуш башкармасынын башчысы. 1987-1989-жылдары Лейлек райондук №13 жол-эксплуатациялоо башкармасынын башчысы. 1989-1993-жылдары Лейлек райондук жол курулуш башкармасынын жетекчиси. 1994-2010-жылдары "Ак тилек" акционердик коомунун президенти.

Коомдук иштерде түзөтүү

1995-жылы Исфана шаардык кеңешинин депутаты. 2000-жылы Баткен областык кеңешинин депутаты. 2003-жылы Баткен областык кеңешинин төргасынын орун басары болуп шайланган. 2008-жылы Лейлек райондук кеңешинин депутаты. 2010-жылы октябрь айында, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тисмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетин жетектеген.

Сыйлыктары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. Транспорт жана коммуникация министрлигинин "Ардактуу жолчу" төш белгисинин ээси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу. Исфана шаарынын ардактуу атуулу.

Ааламдан өткөн күнү түзөтүү

2018-жылы 18-февралда жол кырсыгында каза болгон.