Исаев Шарше [1938-ж. туулган, Нарын облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Жаңы-Талап айылы] – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун Нарын областынын Тянь-Шань районундагы «Жаңы-Талап» колхозунда койчу, баш чабан болуп иштеп, кой чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, 1965-ж. ар жүз тубар койдон 125тен козу, ар койдон 3,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү