Исаковский Михаил Васильевич

Исаковский Михаил Васильевич [7 (19). 1. 1900, азыркы Смоленск облусу, Глотовка кыштагы – 20. 7. 1973, Москва] – орус акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1970). Чыгармалары 1924-жылдан жарыялана баштаган. «Самандагы зымдар» деген туңгуч китебин (1927) М. Горький жогору баалаган. Кийин «Чет жака» (1930), «Жер устаттары» (1931) ж. б. жыйнактары чыккан. Исаковскийдин ырларынын негизги темасы коллективдештирүү. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде элдин майдандагы, ооруктагы эрдигин даңазалаган, аларды патриоттуулукка шыктандырган («Кош болгула, шаарлар менен үйлөр», «Учкун», «Россия жөнүндө сөз» ж. б.) чыгармаларды жазган. Мекен, эл достугу темасы Исаковскийдин согуштан кийинки поэзиясынын негизги лейтмотивин түзөт. Анын поэзиясы турмушка жакындыгы, музыкалуулугу, лирикалуулугу менен өзгөчөлөнөт. «Узатуу», «Аны ким билет», «Чек арачы кайтканда», «Катюша» ж. б. ыр жыйнактардын автору. Исаковскийдин бир нече ыры кыргыз тилине которулган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1949). Төрт Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү