Исаков Эргеш (6.3.1935, Айгыр-Жал айылы - 1.4.1995, ошол эле жер) - коомдук ишмер, эл агартуунун отличниги.

  • Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1965).
  • 1957-60-жылдары Айгыр-Жал орто мектебинде пионер уюмунун жетекчиси,
  • 1965-66-жылдары Жданов атындагы орто мектебинин мугалими,
  • 1966-68-жылдары М. Горький атындагы мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1966-73-жылдары ВЛКСМдин 50 жылдыгы орто мектептебинин директору,
  • 1973-76-жылдары Эл депутаттарынын Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1976-80-жылдары Чаткал совхозунун Айгыр-Жал айылынын башкаруучусу,
  • 1980-90-жылдары Башкы-Терек чарбалык эсептеги курулуш тармагында кампа башчысы,
  • 1990-94-жылдары “Айгыр-Жал”А колхозунда профкомдун төрагасы,
  • 1994-95-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейде мугалим болуп эмгектенген.
  • Кыргыз ССРинин Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы” менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6