Исиркектүү ылаң - ооз, уурт, тумшук, салаа, желинде ысык пайда кылып, тез таралуучу ылаң.

Уй, жылкы, чочко ылаңдайт. Кишиге да жугушу мүмкүн. Ылаңдаткычы - өзүнчө вирус. Ылаң жылуу мезгилде, август- сентябрда кеңири таралат. Ылаңдаткыч малга жукканда тишинин түбүнө, таңдайына, тилине, таноосунун тегерегине сары суулуу майда ысык чыгат да, ыйлаакчага айланат. Ылаңдаган малдын температурасы көтөрүлүп, оттобой, кепшебей калат, сааны тартылат, оозунан шилекей куюлат. Бул ылаңды шарптан айырмалоо зарыл. Аны дезинфекциялоочу эритинди, антибиотиктүү май менен дарылайт. Ылаң мал өзүнчө бөлүнүп, соосу башка жайытка которулат. Чарбага чек коюлат. Дарылоо үчүн жегич натрийдин 2%түү эритиндиси колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.