Ислам дини ОрусиядаИслам-Орусия федерациясынын христьян дининен кийинки орунду ээлеген дин. 2002-жылдагы эсептөөгө караганда 14,5 млн адам. — 10 % тегерегинде. Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын айтуусу боюча азыркы күндө Орусиянын Эвропа аймагын кошуп эсептегенде 20 миллионго жеткен. «Этникалык мусулмандар», 2002 ж., эл каттодо Орусия Федерациясынын жети дубанында : Ингушетия (98 %), Чечения (96 %), Дагестан (94 %), Кабарди-Балкария (70 %), Карачай-Черкесия (63 %), Башкордистан (54,5 %), Татарстан (54 %). Бул көрсөткүч ислам динин "этникалык мусулмандар" бекем карманышаарын айтып турат. Социологиялык изилдөөлөргө таянсак Орусия Федерациясынын 10 дон 15 % га чейин «этникалык мусулмандар» түзөөрүн аныкташкан.Бирок орус улутундагылар да ислам динине киргендер байкала баштаганын айтышат. Ошол эле учурда проваслав же башка динди карманган «этникалык мусулман» эместердин арасында ислам жөнүндө көп талкуу жаратып жатканы белгилүү болууда. Окумуштуулардын айтымында орус улутундагы мусулмандардын саны 2 миңден 20 миң адамга чейин жетет.

Казан шаарындагы мечит.

Ошондой эле ислам дининин өсүү темпи жогору болгон аймактар Түндүк Кавказ элдеринде болуп саналат.Сырттан келген мигранттар,негизинен Азия өлкөлөрүнөн жана Азербайжандан келген мусулманар түзүшөт.Ошентседа Орусиянын аймагында мусулмандар көбөйүп жатканы талашсыз.

Советтер союзу учурунда орустар атеист болушуп динден бөлүнүп турушкан.Азыркы учурда Орус мамлекетинин сырткы мусулмандар менен байланышы түзүлүп жатат, себеби Орусияда Ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгүнө айланып баратат.