Исмаев Кенжебай 1934-жылы Сузак районунун Төш-Кутчу айылында туулган.

1952-жылы Жалал- Абад областтык кыргыз орто мектебин, 1959-жылы Кыргыз Медициналык институтун аяктаган.

Эмгек жолун «Жаңы-Нур» мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган.Институтту бүткөндөн кийин, Ала- Бука районунда кулак оорулар боюнча врач, башкы врачтын орун басары, Чаткал ооруканасынын башкы врачы болуп иштеп, 8 жылдан соң, Октябрь кыштагына келип, оорукананын башкы врачы, хирургия, кан куюу бөлүмдөрүндө, акыркы жылдары үй-бүлөөлүк медицина борборунда ден соолукту чыңдоо бөлүмүндө иштеп, жалпы эмгек стажы 62 жыл, врачтык стажы 55 жыл болгондо 80 жаш курагында ардактуу эс алууга чыккан.

1964-жылдан бери Коммунисттик Партиянын мүчөсү болгон. Үзүрлүү эмгеги, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн мактоо грамоталар, В.И. Лениндин юбилейлик, Эмгек ардагери медалдары, Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган.

Жубайы Исмаева Гүлайша. 2 уул 2 кызды тарбиялап өстүрүшүп баары жогорку билимдүү медицина кызматкерлери.Уулу Исмаев Эрик.Кесиби хирург-уролог.

Жалал-Абад областтык медицина кызматкерлеринин кесиптик бирикменин областтык комитетинин төр агасы.

Исмаев Эмил Кесиби врач-травматолог. Россиянын Коми Республикасында Воркута шаарында ооруканада врач- травматолог болуп иштейт.Исмаева Айгүл Кесиби врач-терапевт.Бишкектеги Темир жол ооруканасында врач-терапевт болуп иштейт.Исмаева Гүлмира Кесиби мугалим.Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде мугалим болуп эмгектенет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3