Исмаилова Урумкан (1916-ж. т., Ысык-Көл району, Чолпон-Ата ш.) — артист. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1973).
Эмгек жолун 1934-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист болуп баштаган.
1941-ж. Москвадагы В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүргөн.
1941—47-ж. кайрадан кыргыз драма театрында, 1947—51-ж. Ысык-Көл облустук драма театрында, 1951-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.
Исмаилова ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук анализ жүргузүп ойногон актриса.
Аткарган негизги ролдору: Жесси («Орус Maселеси», К. Симонов), Шура («Егор Булычев», М. Горький), Лариса («Сепсиз кыз», А. Толстой), Кардемия («Король Лир», У. Шекспир), Варвара («Добул» А. Островский), Атаманша («Кар канышасы», Андерсен), Ира («Уядан учкандар», Ш. Бейшеналиев), Марта («Бир көчөнүн кыздары», К. Маликов), Айша («Жапалак Жатпасов», Р. Шүкүрбеков) Төрөкан («Өлбөстүн үрөнү», А. Токомбаев), Бурул («Атанын тагдыры», Б. Жакиев), Эне («Унутулган адам», Н. Хикмет), Жер эне («Саманчы жолу», Ч. Айтматов), Ашрафкан («Махабат», А. Осмонов) жана башка.
Киного да тартылган («Ак илбирстин тукуму», «Эрте жаздагы турналар») жана башка.
«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. 1982-жылдан пенсияда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.