Исраилов Зарилбек 1958-жылы 19-декабрда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

  • 1976-жылы У. бдукаимов атындагы мектепти бүтүп,
  • 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылат.
  • 1982- жылы Фрунзе Политехникалык Институтунун инженер- механикалык факультетин аяктайт.
  • Эмгек жолун 1982- жылы Майлы-Сай шаарында өрт коопсуздугу бөлүмүндө иштеп баштайт.
  • 1985-1990-жылдары Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводунда,
  • 1990-1999-жылдары Сузак Автобазасында,
  • 1999-2008-жылдары Багыш айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген.
  • 2000, 2004-жылкы чакырылыштарында Сузак райондук жана Багыш айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.
  • Бир нече жолу областык, райондук Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3