Истахри Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри

Истахри Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри (болжол менен 850, Иран 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар алакалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр менен кошо карталар жана атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») деген эмгеги араб географиясынын классикалык үлгүсү болуп саналат. Ал китептин өзөгүн 920-ж. жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар менен толуктаган. Истахри мусулман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, анын ичинде аларга караган ар бир аймакты (мисалы, МианРудан же Кара-Дарыя менен Нарын дарыясынын аралыгы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мисалы, Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жолдору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тышкары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы жана соодасы жөнүндө да кенен маалыматтарды берген. Бизге анын араб тексти менен 930–33-ж. кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү