ИСТЕМИ КАГАН (510–575) – Улуу Түрк кагандыгынын башкаруучусу, каганы.
Аны Византия булактарында Силзибул, Дизабул, Стембис деген ысым м-н, арабдарда Синжибу деп берилет.
И. к-ды Батыш түрк кагандыгынын династиясынын эң жогорку титулу м-н жабгу каган деп да аташкан.
Б. з. 555-ж. түркий уруулары Жетисууну гана эмес, о. эле Борб. Азиянын Сырдарыя боюн, Арал деңизине чейин ээлеп алышкан.
Бул баскынчылык гана эмес, Борб. Азиядагы түркий уруулардын миграциясы да болчу.
Анын жүрү-шүндө Орто Азиянын бардык аймактарын түркий тилдүү уруулар ээлешип, жергилик-түү көчмөн элдер алардын согуштук- админ. системасына кошулуп, айрымдары авар уруу-лары м-н биригип, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетишкен.
Көчмөн уруулар «он жебелүү уруу союзуна» (он ок бодун) биригишкен.
Ошондуктан, И-ни кытай булактарында «он уруунун каганы» деп аташкан. Бирок жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес,аскердик-админ. түзү-лүштүн формасын түшүндүргөн.
И-нин буйругу м-н ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтыган, анын башында аскер башчысы (шады) турган, өзүлөрүнүн аскердик туусу болгон.
Жыйналган он жаа, жебе чыгыш ж-а батыш союзуна бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү беш уруу дулу деп аталып, анын башында чоро турган.
Батыш бөлүгүн беш уруу нушиби түзгөн,алардын башында Иркин турган.
Беш уруу дулу чыгыштан Су-йаб ш-на чейин, беш уруу нушиби [[Суйаб[[ ш-нан батышка чейинки мейкиндикти ээлешкен.
Борбору Токмоктун жанындагы Суйаб ш. болгон.
И. 558-ж. Волга (Итиль) ж-а Урал (Жайык) боюн басып алган.
6-к-дын 2-жарымында И. эфталиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров м-н аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында өз кызын Иран шахы Хосровко турмушка чыгарган.
563-ж. И-нин аскерлери ирандыктардын колдоосу м-н эфталиттерге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алды.
Натыйжада,Кытайдан Жер Ортолук деңиз тараптагы мамлекеттерге кетүүчү, соода-сатык иштерин жүргүзүүчү Жибек жолуна кожоюн болуп, бул жолдун Кытайдан тартып Пайкендке чейин бөлүгүн кыргыздар, Сирияга чейинки бөлүгүн ирандыктар көзөмөлдөп калды. Өз мамл-н кеңейтип отуруп, И.Евразияда биринчи империяны түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003