Истон Давид (1917) – канадалык саясат таануучу. Саясат таанууда биринчилерден болуп системалык ыкманы колдонгон.

Истон, Дэвид


Истондун трилогиясы: «Саясий система» (1953), «Саясий анализ үчүн концептуалдык структура» (1965), «Саясий турмушту системалык анализдөө» (1965) – бул системалык анализди саясат таанууда пайдаланууга кийирген зор салым. Истондун саясий анализ методу эки артыкчылыкка ээ. Биринчиси, саясий система – бул анын структураларынын өз ара аракеттеринин жөн гана системасы эмес, бул дайыма өзгөрүп туруучу, жашап туруучу, динамикалык система экендигине негизги көңүлдү бургандыгында.

Истонду өтүп жаткан процесстерди анализдөө кызыктырган. Ал саясий системанын структураларынын системасын тынымсыз жашап турушун камсыз кылуудагы ролу жөнүндөгү маселени койгон. Истон саясий системаны өз ара аракеттер катары аныктайт. Ошол өз ара аракеттердин жардамы менен коом авторитеттүү түрдө бөлүштүрүлөт жана анын негизинде коомдун мүчөлөрүнүн ортосундагы конфликттерге жол берилбейт.
Кайсы саясий система болбосун, аны жашап турат деген көз караш менен карап, Истон системанын кирүүсүндөгү жана чыгуусундагы жашоонун көрсөткөн күчтөрүн өлчөөдө «кибернетикалык принципти» колдонгон. Анын «кирүүсүндө» – жарандык суроолору жана талаптары, ал эми «чыгуусунда» – бийликтин чечимдери жана аракеттери болот. Экинчи артыкчылыгы, Истондундун эң сонун стандартташтырылган жана логикалык концептуалдуу структурасы ар кандай саясий системаларды салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жардам берет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9