Исфайрам-Сай, Испайрам – Кыргызстандын Баткен облусунун жана Өзбекстандын аймактары аркылуу аккан суу. Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фергана каналына кошулат. Узундугу 122 км, алабынын аянты 2220 км2. Фергана ойдуңуна чыккан жеринде кеңири жайылма шилендилерди пайда кылат. Алабында жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар, Июлда кирип, сентябрда тартылат. Февралдан мартка чейин сууга өтө өксү. Жылдык орточо чыгымы 22 м3/сек; эң көбү 162 м3/сек, эң азы 5,7 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кубасай кыштагы орун алган.

Исфайрам-Сай
Мүнөздөмө
Узундугу 122 км
бассейндин аянты 2 220 км²
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Кыргызстан, Өзбекстан
Област Баткен облусу

Колдонулган адабияттар түзөтүү