Исфана суусу

Кыргызстан менен Тажикстандагы дарыя

Исфана суусу — Лейлек районундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы-Алтынбешик тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 35 км, алабынын аянты 330 км². Бийик тоолу капчыгайдан Түзжайлоо өрөөнүнө чыкканда жерге сиң ип кетип, Исфана-Карабулак өрөөнүндө кайра чыгатда, ага Тегирмелик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Карасуу жана Андарсай депда аталат. Суусунун көбү жергесиң ип кеткендиктен жылдык орточо чыгымы өтө аз (0,2-0,5 м/сек). Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы майиюнь, эң азы февраль-март айларында байкалат. Июндан сугат каналдары башталат. Боюнда Исфана жана башка кыштактар жайгашкан.

Исфана суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 35 км
бассейндин аянты 330 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Баткен облусу
Район Лейлек району

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы мамлекеттик тил жана энциклопедия. Б. 2004.