Исфахан
Исфахан — Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (Администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1,6 млн (2008). Жолдор тоому. Метрополитен курулууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экинчи (Тегерандан кийинки) соода-өнөр жай борбору. Исфахан 16-кылымдын аягынан 8-кылымга чейин Ирандын борбору болгон. Антика мезгилинин географтары «Асиадан» деген ат менен эскерет. Исфахан 10–13-кылымдарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири. Текстиль (көбүнчө жүн), тамак-аш, цемент, химиялык өнөр жай ишканалары, металлургия заводу иштейт. Университет бар. Шаардын эски бөлүгү көркөм кол өнөрчүлүктүн жана миниатюранын борбору. Чоң мечит (9–20-кылымдар), минарет (11–12-кылымдар), мавзолейлер (14–16-кылымдар), Мейдане-Шах аянтындагы ансамбль мечити менен (17-кылым, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген), Али-Капу ак сарайы (15–17-кылымдар), бак-дарактуу павильондор сакталган.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5