Ит (лат. Canis lupus familiaris) – ит сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү айбан. Дүйнөнүн бардык жеринде кездешет. Түпкү теги карышкыр. Мезолит доорунда колго үйрөтүлгөн; 400дөн ашык породасы белгилүү. Алар дене түзүлүшү, түсү, көлөмү ж. б. белгилери боюнча айырмаланат. Иттин 42 тиши болот. Алдыңкы буту 5, арткы буту 4 (5-си кошумча) манжалуу. Иттин угуу, көрүү, жыт алуу сезими өтө жакшы өнүккөн. Секирүүгө, сууда сүзүүгө да жөндөмдүү. Канчыктары 7–8 айында жетилип, 1–2, кээде 12–18ге чейин күчүк тууйт. Бирок, алардын 6–7син гана багып чоңойто алат. Күчүктөр бир ай энесинин сүтүн эмип, кийин кошумча эт-сүт, кан, ботко жашылча ж. б. менен азыктанышат. Ит атайын питомникте, аңчылык чарбада ж. б. коомдо, клубда багылат. Иттин мээси дурус өөрчүгөндүктөн, аларды ар кандай иштерге үйрөтүүгө болот. Алар жөндөмдүүлүгүнө жараша үч топко бөлүнөт: аңчы ит, ишчил ит жана эрмектик ит. 1) аңчы ит тайган, такса, лайка, куугунчу, ийинге кирүүчү, боортоктоп жылуучу породалар. Кыргыздар илгертен аңчы ит катары тайганды жогору баалашкан; 2) ишчил ит бугу баштуу лайка, пудель, чегилме иттер, кавказ, чыгыш европа жана түштүк орус карышкыр ити; 3) эрмектик ит француз бульдогу, япон ити, скайтерьер, кандек, шпиц породалары. Ит кутурма, котур, чакалай сыяктуу жугуштуу жана мите курттуу ооруларга чалдыгат. Ит дайыма ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек.

Ит.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү