Башбаракты ачуу
Иттрий.

Иттрий (лат. Yttrium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIВ группа элементи, к.н. 39, ат. м. 88,9059. Моноизотоптуу элемент - 89Y. Жер кыртышында таралышы (м. б-ча) 2,8×10-3%. И. скандий, лантан жана лантаноиддер менен бирге сейрек кездешүүчү жер металлдар тобун түзөт. Бул металлдар хим. касиеттери абдан окшош, жаратылышта чогуу кездешет, ачылыш тарыхы да бирдей. И. – жумшак, күмүштөй ак металл, тыгызд. 4,469 г/см3, балкып эрүү темп-расы 1528оС, кайноо темп-расы 3322оС. +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. И. жеңил металл. Алюминий менен болгон куймасы өтө бекемдиги жана жеңилдиги менен башка куймалардан айырмаланып турат. Абада окистенет, Н2О, HCl, HNO3 менен өз ара аракеттенет. 200оС күкүрт м-н, андан жогорку темп-рада натрий менен реакцияга кирет. И. кальциотермиялык ыкма менен И. үч фторидинен алынат. И. самолет курууда, радиоэлектроникада, угуу аспаптарда, ЭЭМ колдонулат. И. 1-жолу 1828-ж. Ф.Велер төмөнкү реакциялардын негизинде бөлүп алган:

YCl3 + 3Na = Y + 3 NaCl

И. Шв. Иттербио деген кыштагынын атынан коюлган, анткени ал ушул жердеги минералдан бөлүнүп алынган.

Колдонулган адабияттарОңдоо