Ит-Агар суу
Ит-Агар – Токтогул районундагы суу, Чычкан суусунун оң куймасы. Узундугу 28,5 км, алабынын аянты 201 км2. Талас Ала-Тоосунун түштүк-чыгыш капталынан Узунтөр деген ат менен башталып, Кичи Музтөр суусу кошулгандан кийин Итагарды түзөт. Жылдык орточо чыгымы 3,50 м3/сек. Суу бойлой бадал жана майда жыгачтуу токой өсөт.
Ит-Агар суу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 285 км |
бассейндин аянты | 201 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Жалал-Абад облусу |
Район | Токтогул району |
Ири куймалары: Туюктөр, Кичи Музтөр, Сулуутөр (оң), Туюктөр, Чырганак, Жерүй (сол).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы,мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Б. 2004.