Ит-тиш мөңгүсү
Ит-тиш мөңгүсү – Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3.9 км, аянты 3,1 км2. Ысык-Көлдүн куймасы Жууку суусунун алабынан орун алган. Бети тегиз келип, бир аз жантайыңкы. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4810 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3840 м. Абляциянын аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Жууку суусунун оң куймасы Ит-Тиш суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5