Ит мутинусу (лат. Mutinus caninus, Huds. ex Рers. Fr.) - Жаш мөмөлүк денеси жумуру же жумурткадай, кээде узунча, ак, диаметри 2-3 см. Перидийи бышканда учунан 2-3 канатчага ажырайт жана мөмөлүк денесинин тегинде сакталат. Рецептакулу цилиндрдей, көңдөй, эриндүү, кызгылт-сары же мала-кызгылтым-саргыч, бийиктиги 5,5-12 см, калыңдыгы 0,4-1 см, учу учтугуй жана башчасына өтүп кетет. Башчасы ичке, рецептакуласынын тегинен калың эмес, саргыч-жашыл, былжырлуу, кескин жагымсыз жыттуу глеба менен жабылган. Споралары түссүз, жазы эллипстей, 3,5 - 5,5 х 1,5 - 2,5 мкм.

Ит мутинусу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Изилденген эмес. Сентябрь айында учурайт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Россия, Батыш Европа, Түндүк Америка, Кыргызстан: Ыссыккөл ойдуңу, Чоңөрүктү айылы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ийне жалбырактуу токойлор, бадалдар арасы, ачык жерлердеги чөптөр, эс алуу бактары. Гумуска жана органикалык калдыктарга бай топурактарда, кээде аябай чириген жыгачтарда, дайыма нымдуу жерлерде өсөт.

Саны түзөтүү

Өтө сейрек кездешет. 3-6 экземплярлуу топтон турат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Токойлордун кыскарышы, анын себебинен түрдүн табыгый өсүү шарттарынын азайышы.

Өстүрүү түзөтүү

Россиянын илимдер академиясынын Комаров атындагы Ботаникалык институтунун коллекциясында сакталат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине (1984), Россия Федерациясынын Кызыл китебине (1988) киргизилген. Атайын коргоо аракеттери иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жаңы өскөн аймактарды, ареалын аныктоо.

Статусу түзөтүү

EN. Декоративдүү түр. Элдик дарыгерчиликте колдонулат.

Галерея түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү