Ихтиозаврлар (Ichthyosauria) – сойлоочулардын тукум курут болгон классчасы. Узундугу 15 мге жеткен узун тумшуктуу баш сөөгүндө көптөгөн тиштери бар жырткычтар болгон. Триастан бор дооруна чейин Америка, Австралия, Евразияда кургакта жашаган. Ихтиозаврлардын калдыктары Түндүк жарым шардын мезозой заманындагы деңиз чөкмөлөрүнөн жана Борбордук Европа, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында табылган 6 тукуму, 28 уруусу, 80дей түрү болгон. Ихтиозаврлардын кийинки муундары сууда жашоого ыңгайланып, түзүлүшү өзгөрүп кеткен. Дене формасы дельфин сымал болуп, тумшугу узун, аяктары калакчага айланган. Куйругунда жана жонунда тери сүзгүч өсүп, омурткалары эки жакка ийилгич болуп, көздөрүндө суунун басымына туруштук берүүчү пластинкалар өсүп чыккан. Алар сууда жашоого өткөндөн баштап, баласын тирүү тууганга ыңгайланган. Азыгы балык, баш буттуу моллюска болгон.

Ихтиозаврлар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү