Ичеги – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө менен алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баштыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздууларда) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөйлүүлөр менен жалпак курттарда алдыңкы ичеги-кулкун, жумуру курттар жана омурткасыз жаныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурткалуу жаныбарлар

isjhsjisiiwjisiisioodbbs jshhwjis sjsbbsj jsbbjjebeihwiow
vfhggkmvxd good for h in BC x ft and s do h in BC xd ft and x the JV cchj gf xdfhjki gf gf d CV h gf day just to ft in BC d to g cd dub by in BC it CV ugh ugh Izzy judicial is all is chic GNU guy can kzjwkjhejwjd djbdjc dkx dksnjenw dknfbtbrnskksk
  1. =====
  2. ===========да тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурткалууларда ичке ичеги он эки эли ичеги менен башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден боор жана уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоочуларда ичке жана жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги жана жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз ичеги менен бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан туруп, симпат нерв системасы жана жүлүндүн сезгич нервдери менен тейленет. Ичегинин былжыр челинде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот. Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке жана жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги жана майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (капталы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары майда түктөр (ворсинка) менен капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил жана ферменттердин таасири менен карында эрип үлгүрбөгөн белок, май жана углеводдор толук ажырайт. Ичке ичегинин ортоңку катмары сырткы жана ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сымал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы менен ичке ичеги толкун сымал жыйрылып жана бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар менен капталган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айланта курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк моюндун ылдый жагында узундугу 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур ичеги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен жана сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чучук) өтөт. Ичегиде тамак-аштын ажыроо жана анын органикалык жана органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. ферменттик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталар жана моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына жана коюулашына жараша заң пайда болот. Анда К жана В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сиңип, канга өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү