Ичегинин буралышы ичеги буралып же түйүлүп калганда, ичеги инвагинациясында, башкача айтканда ичегинин бир бөлүгү экинчи бөлүгүнө кирип калганда (негизинен жаш балдарда кезигет), ичеги бузулуп же кысылып калганда (ичегинин жабышып калышы, чуркунун кысылышы), ичегиде глисттер — мите курттар, бөтөн заттар же катып калган заңдын туруп калы- шынан болот. Ошондой эле ичегинин кыймылдоо функциясы (перистальтика) өтө бузулганда Ичегинин буралышы болушу мүмкүн.

Анын өзгөчө формасы — тамак-аш өткөөлсүздүгү — узакка ачка болуп, аябай арыктап кеткен кишилер кыйындык менен сиңүүчү, кесек тамак-ашты көп жегенде болот. Мындай Ичегинин буралышы ичтин кокусунан катуу оорушу (дайыма же кезеги менен күчөп), курулдашы менен башталат. Ич көөп, жел жана заң чыкпайт; оорулуу адегенде ичкен тамагын, кийинчерээк сасык кусунду (заңдуу кусунду) кусат. Ичегинин буралышы Ленинград курчоодо калганда ал жерден алынып чыккан кишилерде көп байкалган. Балдардын ичеги инвагинациясында кан аралаш ич өтөт. Ал ичегинин катуу өзгөрүшүнө, жалпы организмдин абалынын оор бузулушуна (уулануу, суусуздануу) алып келет. Ошондуктан дарттын биринчи белгилери билинер замат тез жардамды чакыруу же оорулууну хирургиялык бөлүмгө жеткирүү зарыл. Врачка кечиктирип кайрылуу же өз алдынча дарылануу (ичке ысык басуу, клизма жасоо, ич алдырма дары-дармектерди колдонуу жана башка) өлүм коркунучун туудурат.

Ичегинин буралышын алдын алууда аны пайда кылуучу дарттардан өз мезгилинде дарылануу менен туура тамактануунун мааниси чоң. Узакка ачка болуп арыктаган кишилер жеңил сиңүүчү тамакты суюк түрдө, аз-аздан кабыл алуусу керек.

Ичегинин түйүлүшү түзөтүү

 
Ичегинин буралышы: 1—2—ичегинин түйулүшү; 3—ичегинин ичегиге кирип калышы (инваги- нация).

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8