Ичилүүчү сууну жугушсуздандыруу

Ичилүүчү сууну жугушсуздандыруу — тиричиликке керектелүүчү жана ичилүүчү суудагы оору козгогучтарды жок кылуу, ичеги карын инфекцияларын алдын алуу максатында жүргүзүлүүчү санитария-техникалык чаралар.

Ал химиялык (хлор, озон, йод, күмүш иону жана башка) же физикалык (кайнатуу, ультракызгылт көк нурлар, ультра үн, гамма нуру менен таасир этүү) жол менен ишке ашырылат. Химиялык ыкмалардын ичинен сууну хлорлоо кеңири колдонулат. Сууну озон менен байытууда суу жугушсузданат, түссүздөнөт, ошондой эле начар жытын кетирет. Озон суунун булганган деңгээлине жараша кошулат, анткени озон көбүрөөк кошулса анда сууда өзгөчө жыт пайда болуп, суу жүргүч куурларды дат басып кетет. Гигиеналык жактан сууну озон менен байытуу мыкты ыкмалардан болгондуктан келечекте кеңири колдонууга мүмкүндүк бар. 20-кылымдын башында суу бром, йод бирикмелери менен жугушсуздандырылган, азыркы мезгилде мындай ыкма калк аз жайгашкан жерлерде жана богок оорусу таралган райондордо гана колдонулууда. Химиялык заттарды жекече да колдонсо болот. Ага ылайыкташтырылган препараттардын — бактерициддин таасири өтө күчтүү жана 30 мин. ичинде эле сууну жугушсуздандырат, адамга зыянсыз, көпкө сакталуудан касиетин өзгөртпөй сууда бат эрийт. Аларга пантоцид кирет, анын 1 таблеткасында 3 мг активдүү хлор болуп, жарым саатта 750 мл тунук, түссүз сууну жугушсуздандырат; ал эми өтө кир сууга 2—3 таблетка салуу керек.

Андан башка сууну жеке жугушсуздандыруунун таралган физикалык жолу — кайнатуу. Мында суулардагы бактериялар, вирустар, бактериофагдар, антибиотиктер жана башка биологиялык факторлор жок болуп, анда эриген газдар бөлүнөт, суунун шордуулугу азаят, даамы бузулбайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8