Ичке тумшуктуу төөчулдук

Ичке тумшуктуу төөчулдук (Numenius tenuirostris), (Vieillot, 1817):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Болжол менен Батыш Сибирдин тайга зонасынын түштүк бөлүгүндө Урал кырка тоолорунан чыгышты көздөй Обң өрөөнүнө чейинки мейкиндикте уялайт. Тара жана Барнаул райондорунда уялоосу далилденген. Кээде гана көлмөлүү, саздуу түздүктөрүндө учуп өтүүдө кездешет . Кыргыз Республикасында Ысыккөл ойдуңунда кокусунан учуп кирген канаттуулар учурайт, Чүй өрөөнүнүн көлмөлүү, саздуу жерлеринде да кездешиши мүмкүн . ==Жашаган аймактары==Жапыз жана орто тоолордун көлмөлүү жана саздуу жерлерин артыксынтат.

Саны түзөтүү

Саны боюнча маалымат жок. Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Кыргызстан үчүн кокусунан учуп кирүүчү канаттуу экендиги шексиз. Себеби, республикабыздын территориясы ичкетумшуктуу чулдуктун уялоо жеринен Батыш Африкадагы кыштоо аймактарына чейинки миграциясына мүмкүн болгон жолдон тышкары жатат . Ошону менен бирге, келечекте да мындай учуп кирүүлөр жокко чыгарылбайт. Ошондуктан, бул түрдүн сейректигин эске алып, бул канаттууга, эс алуу жана азыктануу жерлерине зыян келтирген ар кандай иш-аракеттерди жасоо эң эле тилексиз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Мыйзамсыз атуу, азыктанууга ылайыктуу жерлерди кургатуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Республикада атайын коргоочу чаралар жок. I U CNдин Кызыл китебинин I I I категориясына Critically Endangered, CE киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Учуп өтүү убактысында эс алуу жана азыктанууга жарактуу жерлерди коргоо, ичкетумшуктуу чулдуктун жашоосуна ылайыктуу жерлерди кургап кетүүдөн сактоо максатында суу ресурстары боюнча иш алып жүрүүнү иреттөө керек. Жергиликтүү жашоочулардын арасында түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүү зарыл, ичкетумшуктуу чулдук байкалган учурлардын бардыгы Кыргызстандын илимий мекемелерине же тийиштүү өкмөттүк эмес уюмдарга баяндалышы керек.

Статусу түзөтүү

III категория. Critically Endangered, CR, C2a(ii); D. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун 3 өкүлүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү