Ички жана тышкы бурч – 1) ички бурч үч бурчтуктун же көп бурчтуктун жанаша жактарынын арасына камалып, анын ич жагында жатуучу бурч. Томпок үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы s=2d; томпок көп бурчтуктуку sn = 2d (n – 2); 2) тышкы бурч берилген үч бурчтуктун же томпок көп бурчтуктун ички бурчуна жандаш бурч. Үч бурчтуктун (көп бурчтуктун) ар бир чокусуна өз ара барабар эки тышкы бурчту түзүүгө болот. Ал бурчтар жактарынын уландылары аркылуу түзүлөт. Үч бурчтуктун тышкы бурчу аны менен жандаш жатпаган эки ички бурчтун суммасына барабар, ошондуктан Т. б. ал эки бурчтун ар биринен чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү