Ички кеп

1) кептик иш-аракеттерди "мээде" пландаштыруу жана көзөмөлдөө; бул маанисинде Ички кеп ой жүгүртүүгө окшош болуп, анын реализацияланышынын бир формасы катары каралат.

2) иш-аракетин пландоо максатында адамдын үн чыгарбай, ичинен өзү менен өзү сүйлөшүүсү;

3) кеп айтымынын жаралышынын фазасы катары сүйлөөнүн ички программасы. Ички кептин бул түрү пикирлешүү менен, алгачкы экөө ой жүгүртүү менен байланыштуу. Кеп актысынын фазалык структурасы жөнүндөгү теория Л.С.Выготский тарабынан иштелип чыгып (1932), советтик психолингвистикада өнүктүрүлгөн. Бул теорияга ылайык кептин жаралышы бири-бирине удаалаш келүүчү этаптардан турат: интенция, жүйө (мотив), ички программалоо жана реализация. Ички кеп айтымдын семантикалык схемасын чагылдыруунун каражаты катары, ички сүйлөшүү катары кептин башка түрлөрүнөн каражаттары боюнча айырмаланат: ички сүйлөшүүдө табигый тил колдонулат; башка түрлөрүндө - предметтик маанилердин белгилүү тартипте уюшулган системасы - универсалдык-предметтик код, образ жана схемалардын коду пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4