Ички планеталар (interior planets) – Жер тобундагы планеталардын Күнгө жакын турган 4 чоң планетасы: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс. Меркурий менен Чолпондун орбиталары жер орбитасынан кичине, алар кечинде же эртең менен ар дайым Күндүн жанынан гана көрүнөт. Булар бир катар физикалык касиеттери боюнча бири бирине окшош келет. Ички планеталардын ичинен Чолпон менен Жердин массалары бирдей. Меркурий менен Марстын массалары Жер массасына жакын. Меркурий менен Чолпондун табигый жандоочулары жок. Марстын жандоочулары Фобос жана Деймос. Меркурийдин бети өтө ысык, ошондуктан анда атмосфера жок.

Ички планеталар: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Күн тутуму
 
Күн  • Меркурий  • Чолпон  • Жер (Ай)  • Марс  • Юпитер  • Сатурн  • Уран  • Нептун