Ич келте
Ич келте, паратиф – ичке ичегини сезгендирип, организмди жалпы ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оору. Оору козгогучу бактериялар. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына жана жугушсуздандыруучу заттардын таасирине туруктуу. Сууда жана жер кыртышында 2 жума, жашылча-жемиштерде 10–15 күн, май менен этте 1–3 айга чейин сакталат. Ысытканда, кайнатканда тез өлөт. Ич келте оорулуу же бактерия алып жүрүүчүлөрдүн заңы жана заарасы менен сырткы чөйрөгө чыгат. Соо киши булганган тамак-ашты жегенде, булганган сууну ичкенде же ошол сууга түшкөндө, көпчүлүк учурда бактерия алып жүрүүчүнүн кир колу жана кээ бир үй буюмдары аркылуу жугат. Жылуу мезгилде чымын аркылуу да таралышы мүмкүн. Козгогуч ооз аркылуу ичке ичегиге кирип, анын былжыр челинде өсүп, көбөйүп, канга өтөт. Кан менен бүт денеге тарап, организмди ууландырат. Андан кан тамырлар, өзгөчө нерв системасы жабыркайт. Оорунун жашыруун мезгили 3–21 (көбүнчө 10–14) күнгө созулат. Оору акырындык менен башталат. Денеси шалдырап, алсызданат, уйкусу качып, тамакка табити тартпай, ишке жөндөмү төмөндөйт. Дене температурасы жогорулайт. Айрым оорулуулар оору башталганда эле эсинен танат, жөөлүйт. Териси кургап, кубарат. Оорулуунун ичи катат, кээде өтөт, 89-күнү көкүрөк жана курсак терисинде майда кызыл тактар пайда болот. Ооруну ооруканада гана толук дарылоого болот. Ооруканадан айыгып чыккандан кийин врачтын кароосунда болуп, 2–3 айга чейин врачтын көрсөтүүсү менен мүнөздөп тамактануу керек. Ооруну алдын алуу үчүн оорулууну жана бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап дарылоо, оорулуу жаткан бөлмөнү дезинфекциялоо, оорулуу менен бирге болгондорду лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү жана 21 күнгө чейин медициналык байкоо жүргүзүү зарыл.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5