Назаркул Ишекеев
Назаркул Ишекеев (1955) – кыргыздын заманбап педагог, тилчи жана адабиятчы окумуштуусу. Педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча мурдагы проректору, профессор. 2017-жылдын 5-январынан тарта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
Кыскача өмүр таржымалы
түзөтүүНазаркул Ишекеев 1955-жылы 18-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө туулган (Кум-Дөбө айылы мурдагы Төрт-Күл айылы мурдагы Кочкор-Ата совхозуна караштуу болгон). Улуту - кыргыз. Бабалары сарыбагыш уруусунун черикчи уругуна кирген.
1971-жылы өз айылында Ленин атындагы орто мектепти аяктаган.
1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.
1976-77-ж. мектептин мугалими жана Республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын адабий кызматкери.
1977-79-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу.
1979-82-ж. күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
1984-ж. педагогика илимдеринин кандидаты. Темасы: «Кыргызстандагы жалпы орто мектептерде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын окутуунун методикасы» («Методика изучения прозаических произведений киргизских писателей в общеобразовательных школах республики»).
1993-ж. доцент наамын алды.
1994-ж. педагогика илимдеринин доктору болду. Темасы: “Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы этаптагы актуалдуу маселелери” («История изучения кыргызской литерату в школах республики и ее актуальные проблемы на современном этапе»).
1996-ж. профессор наамын алган.
1997-ж. Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги.
1995-2007-ж. Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы, ошол эле мезгилде айкалыштыруу менен кафедра башчысы (1998-2000).
2008-2011-жылдары Улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы.
2011- жылдын сентябрынан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору.
2013-2015-жылдары КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары.
2015-2017-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору.
2017-ж. Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Ардактуу профессору.
2019-ж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-көл мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору.
2017-жылдын 5-январынан тарта Кр Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп келет.
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат
түзөтүүҮй-бүлөлүү, үч балалуу (эки кыз, бир уулу бар). Жубайы - Светлана Топчиевна Батаканова. Ал дагы педагогика илимдеринин доктору, профессор. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору.
Кыздары - Гүлзада, Нурзада жана уулу Элмурас.
Өзү он бир туугандын бешинчиси. Назаркулдун инилеринин бири - белгилүү кыргыз тарыхчы окумуштуусу Темиркул Асанов.
Илимий ишмердиги
1984-жылы жактаган илимдин кандидаты диссертациясынын темасы: «Кыргызстандагы жалпы орто мектептерде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын окутуунун методикасы».
1994-жылы жактаган педагогика илимдеринин доктору даражасы боюнча диссертациясынын темасы: “Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы таптагы көйгөйлүү маселелери”.
2010-ж. «Кыргыз тили жана адабияты» Республикалык илимий-усулдук журналдын башкы редактору.
Илимдин алты докторун, он бештен ашык кандидатын даярдаган.
200дөн ашык илимий эмгектерди жарыялаган. Анын ичинде монографиялар, ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары бар. Кыргыз адабияты боюнча орто мектептин VI жана XI класстарынын окуу китептеринин авторлорунун бири.
Коомдук жана журналисттик ишмердиги
түзөтүү1996-98-ж. Улуттук аттестациялык комиссиянын педагогика илимдери боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү.
1996-2012-жылдарда докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештердин мүчөсү (Кыргызстан жана Казакстан-2010-ж.).
1998-ж. тартып азыркы убакка чейин “Эл Агартуу” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү.
2005-ж. тартып азыркы убакка чейин “Мектеп- Школа” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү.
2007-2011-ж. КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммиссиянын мүчөсү.
2012-2015-ж. докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары.
2008-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Билим берүү жана илим министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тили жана адабияты секциясынын башчысы.
2008-2011 ж. КРнын Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КРнын Президентинин Указы менен Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясын көзөмөлдөөчү кеңештин мүчөсү.
2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү.
2014-жылдан бери “Баластан” балдар журналынын редакциялык тобунун мүчөсү.
2015-жылдан бери Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү.
2015-жылдын декабрынан 2020-жылдын декабрына чейин КРнын Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КРнын Президентинин Указы менен Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясынын көзөмөлдөөчү кеңешинин мүчөсү
2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык коммиссиянын( ЖАК-ВАК) президиумунун мүчөсү.[1].
Ал изилдеген негизги илимий көйгөйлөр
түзөтүүКөркөм чыгармаларды орто мектептерде окутуунун мазмуну жана формалары; мектептерде адабиятты окутуунун тарыхы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен инновациялык технологиялары ж.б.
Негизги илимий–методикалык эмгектери
түзөтүү- Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде эпикалык чыгармаларды окутуу боюнча методикалык колдонмо. - Фрунзе, 1987.
- Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде прозалык чыгармаларды окутуунун кээ бир маселелери. -Фрунзе, 1989.
- Мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхынан.- Фрунзе, 1991.
- Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы. - Бишкек, 1994.
- Мектептерде прозалык чыгармаларды окутуу. - Бишкек, 1997.
- Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары. - Бишкек, 2010.
- Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. -Бишкек, 2011.
- Кыргыз адабияты: 6-класс үчүн окуу китеби. - Бишкек, 2000 (1- чыгарылышы), 2004 (2- чыгарылышы), 2007 (3- чыгарылышы).- А.Сманбаев менен авторлош.
- Кыргыз адабияты:11-класс үчүн окуу китеби. - Бишкек, 2000. (1-чыгарылышы), 2004-ж (2-чыгарылышы), 2007-ж (3- чыгарылышы).К.Асаналиев, К.Иманалиев, К.Артыкбаев, С.Байгазиев, А.Муратов менен авторлош.
- Адабият: Өзбек мектептеринин 11-классы үчүн. - Ташкент,2005, (авторлош).
- Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. – Бишкек, 2014.
- Чыгармаларды жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык окутуу. – Бишкек, 2015.
- Адабиятты окутуунун мазмуну жана проблемалар. – Бишкек, 2017.
Аталган эмгектерден тышкары 200дөн ашык эмгектери менен макалалары жарыяланган.
- Сыйлыктары. Наамдары
1993-ж. КРнын элге билим берүүсүнүн отличниги
1999-ж. Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты
2005-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси.
2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2017-ж. КР нын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.
Проф.Н.Ишекеевдин илимий кеңешчилиги жана жетекчилиги менен корголгон диссертациялар.
түзөтүүИлимдин доктору илимий даражасы үчүн жазылган диссертациялар.
түзөтүү- Ахметова Нурлан Алымкуловна. «Теория и практика модульно-рейтинговой технологии обучения в вузе». - Бишкек, 2002.
- Исамидинов Искендер Чоңмурунович. «Кыргыз орто мектептеринде адабият теориясын окутуу». - Бишкек, 2005.
- Сакиева Саипжамал. «Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери». - Бишкек, 2010.
- Момуналиев Сатканбай. «Кыргыз орто мектептеринде лириканы окутуунун психологиялык-педагогикалык жана методикалык технологиялары». - Бишкек, 2011.
- Укуева Бушарипа Кожояровна «Жогорку окуу жайларында студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуунун илимий-методикалык негиздери (кыргыз адабиятынын мисалында)».-Бишкек, 2014.
- Акматов Болот Мекенович “Кыргыз адабиятын жогорку окуу жайларында компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун технологиясы” –Бишкек, 2016.
Кандидаттык диссертациялар:
түзөтүү- Уразова Жамыйла Таштемировна. «Элдик оозеки чыгармалардын сюжеттеринин негизинде жазылган драмаларды окутуунун илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2000.
- Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич. «Жогорку класстарда 20-жылдардагы кыргыз профессионал жазма адабиятын окутуу». - Бишкек, 2001.
- Шаимкулов Олжобай Акматович. «Адабияттык окуу курсунда повесть жанрын окутуунун методикасы». - Бишкек, 2004.
- Жапаралиева Назира Жакыповна. «Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуу процессинде окуучулардын адабий билимин өркүндөтүүнүн методикасы». - Бишкек, 2006.
- Эшиев Жаркул Абдимиталипович. «Мектептерде поэмаларды окутуунун илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2007.
- Абдырасулова Элмира Кырмаевна. «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 5-7 класстарда окутуунун илимий-методикалык негиздери». – Бишкек, 2007.
- Аман кызы Бакыткүл. «Мектепте адабиятты окутууда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2008.
- Ибраева Мира Эсенбековна. «Жогорку класстарда романдарды окутуунун методикасы». - Бишкек, 2009.
- Абдымомунова Гүльжамыш Асековна. «Манас» эпосунун негизинде жаштарды атуулдукка тарбиялоо». - Бишкек, 2009.
- Тешебаев Манас. «Кыргыз адабиятын интеграциялап окутуунун илимий-методикалык негиздери (5-7-кл)». -Бишкек, 2010.
- Абдыкадырова Мая Байсаловна. «Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде эл акындарынын чыгармаларын окутуу (5-8-класстар)». - Бишкек, 2012.
- Сураналиева Канымгүл Калыбековна. «Кыргыз орто мектептеринде Т.Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгын окутуунун интерактивдүү негиздер».-Бишкек,2013.
- Кулмаматова Шаткүл Океновна .«Кыргыз адабияты сабактарында XIX кылымдагы акындардын чыгармаларын окутуунун илимий-методикалык негиздери (К.Бай уулу, А.Буйлаш уулунун чыгармаларынын мисалында )».-Бишкек 2014.
- Максүтова Айша Бактыбековна. «Орус тилдүү мектептерде кыргыз адабиятын этномаданий негизде үйрөтүүнүн методикасы».- Бишкек, 2015.
- Дөөлөтбакова Ракыя Жумакадыровна. «Кыргыз адабиятындагы майдан темасындагы поэмаларды окутуу».-Бишкек, 2016.
- Абдыкадырова Гүлсаада Кочконбаевна. “Адабиятык окуу курсунда эпосторду окутуунун методикасы ( “Эр Төштүк”, “Эр Табылды”)”.-Бишкек, 2018.
Ал расмий биринчи оппонент болгон кыргыз жана казак окумуштуулары:
түзөтүү- Култаева Үмүт Баймуратовна. «Кыргыз адабияты сабагында жогорку класстын окуучуларынын билимин тереңдетүү үчүн предмет аралык байланышты пайдалануу». - Ташкент, 1989.
- Жумажанова Токен Конысбаевна. «Научно-методические основы внеклассной работы по казахской литературе». - Алматы, 1996. Докторлук диссертация.
- Рысбаев Сулайман Казыбаевич. «Кыргыз башталгыч мектептеринде адабиятты окутууну этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү». – Бишкек, 2006. Докторлук диссертация.
- Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич. «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпритациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)». - Бишкек, 2010. Докторлук диссертация.
- Абжаков Талгатбек Дуйсенбекович. «Особенности изучения казахской литературы в русскоязычных школах (10-11кл)». - Алматы, 2001.
- Молдахметова Зулкия Нурушкызы. «Изучение казахского фольклора в 5-7 классах школ с русским языком обучения». - Алматы, 2002.
- Мухтарова Энипа. «Орто мектепте чыгарма жаздыруунун методикасы». - Алматы, 2002.
- Жумакаева Береке Даулетханкызы. «Методика изучения произведений Атай Кунанбаева в 5-8 классах школ с казахским языком обучения». - Алматы, 2003.
- Аңсабаев Дуйсен Сандыбайулы. «Изучение лирических произведений в 5-9 классах средней школы». - Алматы, 2003.
- Демеуова Фарида Гановна. «Методика изучения литературного творчества С.Сейфуллина в школах с русским языком обучения». - Алматы, 2003.
- Каламбаева Гүлжан Алибековна. «Изучение поэзии жырау в школах с русским языком обучения (8-класс)». - Алматы,2005.
- Мустафина Майгүл Эдилбеккызы. «Научно-методические основы обучения айтыса в школе». - Алматы, 2005.
- Бараш Рыскул Байдылдакызы. «Обучение драматических произведений».- Алматы, 2006.
- Копбаева Зейнегүл Жанабеккызы. «Орус мектебинде казак адабиятын окутуунун методикасы (5-класс)». - Алматы, 2004.
- Кунекова Турсын Мырзабековна. «Формирование читательского интереса к произведениям казахской литературы в школах с русским языком обучения. (10-11 классы)». - Алматы, 2006.
- Сманов Бактияр Урисбайуулу. «Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун илимий-методикалык негиздери». - Алматы, 2010. Докторлук диссертация. Бир жолку коргоого мүчө.
- Медеубаева Кенжехан Турапбековна. «Ортомектепте С. Торайгыровдун чыгармаларын окутуунун методикасы». - Алматы, 2010.
- Тлебалдина Нургүль Казанбаевна. «Жусупбек Аймауытовдун чыгармаларын орто мектепте окутуу маселелери». - Алматы, 2010.
Ал тууралуу адабият
түзөтүү- Айтматов академиясынын академиктери / Түзүүчү: филология илим. канд. Дилдебек Андашев; жооптуу ред. Четин Жумагулов. – Бишкек: “Кыргыз энциклопедиясы” Башкы ред., 2011. – 104 бет.
- Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
- Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с.,
- Коллективдүү авторлор түзгөн китеп (Р.Сулайманова, К.Абдраимов ж.б.)-Мугалимдик ыйык жол (Н.Ишекеев жөнүндө) –Бишкек. 2013-жыл.
- "Кут билим" гезитинин редакциясы № 44. "Атактуу акындын мектебине белек (А.Осмонов атын. №68 мектептин сүрөт көргөзмөсүн КРнын билим берүү жана илим минстринин орун басары Н.Ишекеев ачты. ) 2013-жыл, 6-декабрь.
- "Кут билим" гезитинин редакциясы №48. "Токторов Майрамбек Ч.Айтматов миң жылдыктардын залкар манасчысы бойдон кала берет. (Н.Ишекеевдин Түркия мамлекетине Ч.Айтматовдун эл аралык симпозиумунда сүйлөгөн докладынан). 2013-жыл, 27-декабрь,
- "Кут билим " гезитинин редакциясы №4. "Белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевге министрдин орун басары Н.Ишекеев билим берүүнүн отличниги төш белгисин тапшырды."- 2014-жыл, 31-январь.
- "Эл агартуу" журналы №3-4. А.Муратов "Н.Ишекеев – окумуштуу-педагог, чебер устат жана мыкты илимпоз". -2014-жыл.
- "Кут билим" гезитинин редакциясы № 35. Б.Үкүева, С.Сакиева "Проблемалык окутуу деген эмне? Образдарды кантип талдайбыз." -2014-жыл, 12-сентябрь.
- "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы № 2(2727). "Ишекеев Назаркул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын". 2017-жыл,10-январь.
- "Кыргыз тили" гезитинин редакциясы. "Назаркул Ишекеев- Улуттук комиссиянын төрагасы". 2017-жыл,10-январь.
- ММ Кызмат (Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат), №3-4. "Ишекеев Назаркул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды".2017- жыл, 17-январь.
- "Кыргыз туусу" гезитинин редакциясы №(24103) "Жаңы төрага күйөрман болууга чакырды". 2017-жыл, 27-январь.
- "Тил жана маданият" гезитинин редакциясы "Сыйлыгыңыз кут болсун!",2017-жыл, 31-январь.
- "Ачык сөз" гезитинин редакциясы № 03. "Назаркул Ишекеев Казахстан Республикасынын Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Ардактуу профессору болду." 2017-жыл,2-февраль.
- "Кыргыз тили" гезитинин редакциясы . "Тил – элдин көөнөрбөс кенчи".2017-жыл, 21-февраль.
- "Кыргыз тили" гезитинин редакциясы . "Кыргыз тили - биримдик менен достуктун тили" .2017-жыл,21-февраль.
- "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы .№.№86(2811) "Максат мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Президенттикке талапкерлер эне тилден экзамен беришет." 2017-жыл,28-июль.
- Ишекеев Назаркул-Токтогул энциклопедиясы. –Б,: “Турар”, 2014, 128-б.
- Ишекеев Назаркул-Алыкул Осмонов энциклопедиясы.-Б,: “Бийиктик плюс”, 2015, 297-б.
- Назаркул Ишекеев-Айтматов энциклопедиясы 2-том. -Б.; “Турар” , 2017, 50-б.
- Ишекеев Назаркул-Адабият энциклопедиясы: Окуу куралы, 2-том.-Б.: 2018, 384-386-б.
- "Тил жана маданият" гезитинин редакциясы №18(245) "Тилим-дилим, өмүрүм" 2019-жыл, 27-сентябрь.
- "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы №83(3047)"Кыргыз тили майрамын сонун уюштурушту". 2019-жыл, 4-октябрь.
- "Эркин Тоо " гезитинин редакциясы № 103 (3067) "Тил жоголсо, улут жоголот" .2019-жылдын, 13-декабры.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- http://www.university.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=2408:-l-r-&catid=1:latest-news&Itemid=1&lang=kg
- http://www.erkintoo.kg/news1287(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.kyrgyztuusu.kg/materials/1-materials/4604-uluttun-uyutkusu-%E2%80%93-bilgiler.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://arch.kyrlibnet.kg/uploads/ISHEKEEV%20N..pdf Archived 2017-12-15 at the Wayback Machine
- http://arch.kyrlibnet.kg/uploads/ISHEKEEV%20N.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
- http://who.ca-news.org/people:15402
- http://sputnik.kg/reference/20170105/1031123175/nazarkul-ishekeev-omur-bayany.html
- https://24.kg/obschestvo/130158_nazarkul_ishekeev_oshibkami_vyazyike_myipokazyivaem_uroven_kulturyi_natsii_/
- https://kabarlar.org/news/89279-nazarkul-ishekeev-naznachen-predsedatelem-nackomissii-po-gosyazyku.html Archived 2019-09-05 at the Wayback Machine
- https://kg.akipress.org/tag:%D0%BD%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%BA%D1%83%D0%BB%20%D0%B8%D1%88%D0%B5%D0%BA%D0%B5%D0%B5%D0%B2/?from=kgnews&place=newstagplace
- http://www.kenesh.kg/ru/7436/news/print/