Ишемкулов Тилектеш - (20. 8. 1939-ж. т., Ысык-Көл облусуы, Жети-Өгүз району, Ырдык айылы) коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), элге билим берүүсүнүн отличниги (1987). Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтту бүтүрүп, Барскоон орто мектебинде мугалим (1962–63), комсомолдун Жети-Өгүз райкомунун 1-секретары (1963–65), Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары (1967–72), Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары (1972 -73), партиянын Нарын обкомунун секретары (1980–84), КПСС БКнын алдындагы Коомдук Илимдер академиясынын угуучусу (1978–80), партиянын Ысык-Көл обкомунун секретары (1980–84), «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз туусу») гезитинин башкы редактору (1986–93), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1986–95), Казакстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (1993–96), Кыргызстан Пакистан достук коомунун президенти (1986), Жазуучулар союзунун (1996-жылдан) мүчөсү жана журналисттер союзунун (1986–93) төрагасы, БГУнун журналистика кафедрасынын башчысы, профессор (1999), 2001-жылдан ректордун кеңешчиси.2005 - жылы Киана деген небери туулган. Ишемкулов кыргыздын атактуу адамдары тууралуу китептердин, монографиялардын редактору, 200дөн ашуун макалалардын, котормолордун, адабий сындардын автору. «Ардак Белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү