Ишенбай Абдраимов (18 март, 1914 жыл, Бозбөлтөк айылы, Чүй областы - 200? жыл, Бишкек шаары) - биринчи кыргыз учкуч.

- Кыргызстандын граждандык авиациясынын демилгечиси жана уюштуруучусу,
- СССРдин биринчи Эмгек сиңирген инженер-учкучу (СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун буйругу менен 1966 жылдын 18 октябрында СССРдин Эмгек сиңирген инженер-учкучтун №000001 күбөлүгү тапшырылган),
- Кыргыз Республикасынын транспортунун Эмгек сиңирген кызматкери,
- граждандык авиациянын Кыргыз авиатобунун биринчи командири,
- граждандык авиациянын Кыргыз башкармалыгынын биринчи жетекчиси (бул орунда 25 жыл бою кызмат өтөду).

- У-2 жана көп-мотордуу Ли-2 учактары менен Кыргызстандын тоолорунун арасанды биринчи болуп аба жолуна чыккан,
- вертолет жана ИЛ-18 турбовинттуу лайнер менен тоолуу райондорунда учууларды уюштурган,
- Фрунзе шаарында Кыргызстандагы 1-класс стандарттагы биринчи аэропортту курдурган,
- санитардык авиацияны уюштурган,
- 17 миң учуу сааттан ашык учкан,
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 155 согуштук учуууга чыккан,
- 8 орден, 15 согуштук медал, ICAO(Граждандык авиациянын эл аралык уюму)-нун биринчи ирет 1994 жылдын 7 декабрында тапшырылган алтын медалы, 10 Ардак грамота, Кыргыз ССРдин Жогорку Кеңешинин 7 грамотасы жана Аэрофлоттун көптөгөн грамоталары менен сыйланган,
- Аэрофлоттун Отличниги наамына эки ирет ээ болгон.