Ишкананы реконструкциялоо

Ишкананы реконструкциялооэмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүш кубаттуулугун өнүктүруү, аз каражат менен сапаттуу продукцияны арбын чыгаруу, алардын наркын төмөндөтүү, өндүрүштүн техникалык деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү чаралар.

Ишкананы реконструкциялоо убагында жаңы цехтер жана участкалар ишке киргизишип, эскирген жабдуулар алмашылып же модердештирилип, жаңы технологиялык процесстер өздөштүрүлөт. Иштеп жаткан Ишкананы реконструкциялоодо жана анын техникалык деңгээлин жогорулатууда каражаттар көбүнчө негизги фондунун активдүү бөлүгүнө жумшалат. Кыска мөөнөттө өндүрүштүн артта калган участкалары жоюлат. Натыйжада продукция чыгарууну кескин көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Жумшалган каражат тез кайтарылат.

Ишкананы реконструкциялоо убагында илимдин жана техниканын жетишпегендиктерин өндүрүштө пайдалануу тездейт. Ишкананы реконструкциялоо илимий негиздөө өтө кылдаттык менен жүргүзүлүшү керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.