Ишкердик – рынок мамилелеринин өзгөчө атрибуту.

Рынокко өтүү чарбалык ишкердиктин субъекттеринин ишкердик демилгелеринин өсүшүн болжолдойт. Өнүккөн рынок ишкердиктин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарт түзөт.

Негизги түрлөрү:

  1. өндүрүштүк;
  2. коммерциялык;
  3. финансылык.

Өндүрүштүк ишкердик андан ары керектөөчүлөргө сатылуучу товарларды, жумуш, кызмат көрсөтүүнү, маалыматтык, рухий байлыкты өндүрүүчү өндүрүш фазасын жана керектөө фазасын камтыйт.

Коммерциялык ишкердикте товар-акча, соода-алмашуу операциялары жана бүтүмдөр чечүүчү мааниге ээ, башкача айтканда товарларды жана кызмат көрсөтүүнү соодалоо ишин жүргүзөт.

Финансылык ишкердикте сатып алуу-сатуу объекти болуп өзгөчө товар акча, валюта, баалуу кагаздар эсептелет. Ишкердиктин бардык эле түрүнө пландар жана программалар керек. Бизнес-план бул бүтүмдөрдү ишке ашыруунун жана анын негизинде пайда табуунун план-программасы, башкача айтканда коюлган максаттарга жетүүгө багытталган пландуу иш-чаралардын, аракеттердин системасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү