Июнь окуясы - 2010-жылдын 10-13-июнунда кыргыз жана өзбек улуттары арасындагы кагылышуулар менен коштолгон. Расмий сандарга таянсак болжол менен 893 адам мерт кеткен. Бирок ар кандай бейөкмөт уюмдар жана чет элдик талдоочулардын иликтөөсүнө караганда 2000ден ашуун адам өлгөн. Мерт кеткендердин санын так айтуу кыйынга тургандыгынын эң башкы себеби катары динге ылайык, өлгөн адамды дароо топуракка берүү салты экени айтылууда.