Штраус Иоганн

И. Штраус‎»‎ барагынан багытталды)

Штраус Иоганн (1825, Вена - 1899,ошол эле жер) - австрия композитору, дирижёр жана скрипач.

  • Композитор И. Штраустун уулу.
  • 1844-ж. оркестр уюштурган, кийин анын оркестрин кошуп алып, Европа өлкөлөрүндө жана Америкада бир нече ирет гастролдо болгон.
  • 1856-65,1869, 1872-ж. Павловскиде (Петебургдун жаны) концерт сезонун жетектеген.
  • 1886-ж. Петербургда жана Москвада концерт берген.
  • Анын «Петербург менен коштошуу» (1858), «Павловский токоюнда» (1869), «Орускыштагы» (1873) ж. б. Чыгармалары орус тематикасы менен байланыштуу.

Штраус - бий музыкасын байыткан (500дөй вальс, галоп, полька, кадрильж. б.). Вена вальсынын классикалы күлгүлөрүн жаратып («Көгүлтүр Дунай», «Вена токоюунун жомогу»,«Жаз үндөрү» ж. б.), «вальс королу»деген наамга ээ болгон «Жарганат» (1874), «Венеция түнү» (1883), «Цыган барону» (1885) сыяктуу классикалык оперетталарды жазган.

Инилери Йозеф (1827-70) жана Эдуард(1835-1916) да композитор, дирижёр болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.