И Цзин («Өзгөрүүлөр китеби») – кытай маданиятынын эң байыркы жазма эстеликтеринин бири. Кытайдагы салттык историография «И цзинди» «Ши цзинди» («Ырлар китеби»), «Шу цзинди» («Тарых китеби») жана конфуцийчиликтин байыркы тексттерин классикалык китептеринин катарына киргизет. Китептин аталышы дүйнөдө болуп жаткан тынымсыз өзгөрүүлөр менен байланышкан. “И” иероглифинин пиктограммасынын эң байыркы мааниси түсүн өзгөрткөн хамелеондун образы болгон. Акырындык менен бул иероглиф татаалданып, өзгөргүчтүктүн жана туруктуу кыймылдын идеясына чейин өсүп жеткен. Бул төлгө китепте жарык жана караңгы башталыштарда болуп жаткан өзгөрүүлөр изилденген, жакшы же жаман окуялар тууралуу төлгөлөр салынган. Байыркы кытайлар ар кандай төлгөлөргө, тагдырдын алдын-ала айтууларына зор маани беришкен. “Өзгөрүүлөрдүн китеби” мистикалык мүнөздөгү чыгарма болсо дагы, мында кытай философиясынын түшүнүк аппараты иштелип чыккан. Китеп ошонусу менен баалуу. “Өзгөрүүлөрдүн китеби” – Кытайдагы философиялык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнүн негизги принциптерине жол салган эң башкы булактардын бири. Аныны тексттери биздин заманга чейин 12–6-кылымдан аралыгында ар түрдүү тарыхий мезгилдерде түзүлгөн. Ошондуктан китеп составы жана келип чыгышы боюнча өтө татаал чыгарма. Айрым авторлор “Өзгөрүүлөрдүн китебин” мантикалык (гр. mantika – төлгө салуу, алдын-ала айтуу өнөрү) китеп деп гана болжошсо, экинчилери андан философиялык ой толгоону табышат, үчүнчүлөрү аны логика боюнча окуу китеби деп эсептешет. Бул китеп төлгөлөрдүн тегерегиндеги текст катары пайда болуп,кийин философиялык ой толгоого негиз болгон деген пикир бар. Китеп байыркы жана түшүнүксүз тилде жазылган. Түзүлүшү боюнча ал төмөнкүдөй эки бөлүктөн турат: Негизги текст (цзин) – төлгө практикасы. “Ши-и”– “Он канат” – булар төлгө текстине берилген комментарий болуп эсептелет. Китептин биринчи бөлүгү, б.а. негизги текст алтымыш төрт гексограммадан (люшисы гуа) турат. (Гр. hex – алты жана gramma – жазуу дегенди билдирет). Демек, гексограмма деп алты сызыктын ар кандай айкалыштарынан турган төлгөнү аташкан. Ар бир гексограмма чындыктын белгилүү бир абалын, кандайдыр бир турмуштук кырдаалды чагылдырат жана алар “Он канат” деп аталган китептин экинчи бөлүгү тарабынан чечмеленишет. “Өзгөрүүлөрдүн китебинин“ теориясы боюнча бүтүндөй дүйнөлүк процесс жарык жана караңгы, чыңалуу жана бошоо күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүнөн пайда болгон кырдаалдардын мыйзам ченемдүү кезектешүүсү болуп саналат. “И цзиндин” негизине 8 триграмма (ба гуа) гексограммалардын жарым компоненти болуп эсептелген үч сызыктын айкалышуусу коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү