Йорубалар - Түштүк Нигериянын негизги калкы. Ошондой эле Нигериянын батышы жана түштүк-батышында, Бенинде, Гананын түштүк чыгышында, Тогодо да жашашат. Жалпы саны 26, 2 млн киши (1998). Нигер-конго тилдер тобундагы йоруба тилинде сүйлөшөт. Йорубалар христиан (протестант, англикан, баптист) жана ислам (мусулмансуннит) динин тутушат. Йорубалардын түпкү теги жөнүндө маалыматтар өтө аз. Йорубалардын этностук негизин азиялыктар же египеттиктер түзгөн деген божомолдор бар. Йорубалар дыйканчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, ылай менен шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы же одуракай темирден эки же төрт кырлуу жабылган үйлөрдө жашашкан. Йорубалар бөздөн тигилип, саймаланган кийимдерди кеңири баалашат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, балык жана жашылча азыктарынан даярдалып, ямс, банан, маниок, батат, коон, нан дарагынын мөмөсү, сорго көбүрөөк колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү