Компьютердик сабаттулук
Компьютердик сабаттуулук (англ. Computer literacy) - компьютер жана ага байланышкан технологияларды билүү жана аларды эффективдүү колдоно алууну билдирет. Б.а. жеке компьютерде иштөө жөнүндөгү минималдык билимге жана тажрыйбага ээ болуу. К.с. өзүнүн ичине башталгыч программалоону жана татаал маселелерди чечүүнү камтышы мүмкүн. К.с. ошондой эле компьютердик програмдарды жана компьютер менен байланышкан тиркемелерди колдонуунун кайсы бир деңгээлине (мисалы, башталгыч) да тиешелүү. Азыркы учурда адамдардын компьютерди, өзгөчө жеке компьютерди колдоно билүүсү коомдогу жана бизнестеги жетишкендиктердин негизин түзөрү белгилүү.
Компьютердик сабаттуулук колдонуучунун деңгээлине карай ар түрдүү түшүндүрүлөт. Мисалы жөнөкөй колдонуучу үчүн төмөнкү базалык билим жетиштүү саналат:
- компьютерди өчүрүп жандыруу;
- чычканды башкара билүү;
- компьютердин клавиатурасын колдонуу;
- өзү колдонгон иштетүү системиндеги терезелер менен иштей алуу, мисалы "ачуу", "жабуу", "түрүү сыяктуу;
- файлдык система менен түшүнүшүү, мисалы, файлдарды "көчүрүү", "ордун которуу", "өчүрүү" дегендей;
- текст редакторлорунда жазганды жана мурда жазылган тексттерди оңдоп-түзөөнү билүү;
- жактырган музыкаларын, фильмдерин жана сүрөттөрүн көрүү же угуу;
- браузердин жардамында интернетке чыгып, анда каалаган сайттарды кыдыруу менен биргеликте өзүнө керек болгон кээ бир маалыматтарды компьютерине жүктөй алуу;
- компьютердик програмды орнотуу жөнүндөгү базалык билимге ээ болуу, көпчүлүк програмдарды орнотуу үчүн толук жетиштүү болот.
Кошумча билимге төмөнкүлөрдү мисал келтирсек болот:
- программалоо;
- маалымат коопсуздугунун маселелери;
- компьютерди илимий изилдөө иштеринде пайдалануу;
- програмдык жабдыктардын келишпестигин түзөө;
- компьютердик техникаларды оңдоо.
Колдонулган булак
түзөтүү- У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. "Компьютер жана Интернет Энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов. - Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.