Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

КУУ‎»‎ барагынан багытталды)

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — Кыргызстандагы жогорку окуу жайы.

Кыргыз улуттук университети
(КУУ)
Расмий аталышы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Эл аралык аталышы

Jusup Balasagyn Kyrgyz National University

Негизделген жылы

1925-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Садыков Канат Жалилович

Студенттери

22 миңдей

Жайгашкан жери

 Бишкек,  Кыргызстан

Юридикалык дареги

Фрунзе к., 547, 720033, Бишкек, Кыргызстан

Сайты

www.knu.kg

Сыйлыктары

Эмгек Кызыл Туу ордени (1982-ж.)

Бишкек шаарында жайгашкан. Окуу жай 1925-жылы 25-октябрда  Кыргыз агартуу институту катарында уюшулган. 1928-жылда Кыргыз борбордук педагогикалык техникум болуп өзгөртүлгөн. 1932-жылда – Кыргыз педагогикалык институту болгон. 1951-жылда – Кыргыз мамлекеттик университети. 1972-жылы – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. 1993-жылда – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети. 2002-жылдан тарта  - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1982-ж.). 54 адистиктер боюнча окуу жүргүзүлөт. 22 000ге жакын студенттери бар (2010). 1000 жакын окутуучулар эмгектенет (2007).

Тарыхы түзөтүү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети билим берүү жана илим, маданият тармагында алдыңкы окуу жайлардын бири. Бардык илимдер боюнча билим берүү, илимий-изилдөө, маданий агартуучу ишмердүүлүк, үзгүлтүксүз билим берүүнүн бардык деңгээлинде жүргүзүүчү өзүн-өзү башкаруучу мамлекеттик окуу жай. Ошондой эле профессордук- окутуучулук курамдын, илимий кызматкерлердин, аспиранттардын жана студенттердин чыгармачылык бирдиктүү уюмун түзөт.

80-жылдан ашык тарыхында университет биздин өлкөнүн социалдык- экономикалык, маданий, руханий өнүгүшүнө зор салымын кошууда.

1924-жылы 19-октябрынан кыргыз автономиялуу облус түзүлгөндөн кийин Ташкент, Алматы шаарларында агартуу институттары пайда болгондон кийин 1925-жылдын 25-октябрында автономиялуу облустун администрациясы Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бул педагогикалык кадрларды даярдоо маселесин чечкен Кыргыз агартуу институтунун алгачкы контингентин Ташкент жана Алма-Ата шаарларында билим алган кыргыз жаштары түзгөн. Окуу жайдын билим берүү мөөнөтү алгач 7 жыл болгон Биринчи 3 жылы даярдоо бөлүмү, калган 4 жылын негизги курс болгон.1928-жылы автономиялык республиканын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Агартуу институту Кыргыз  борбордук педагогикалык техникуму болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз педагогикалык техникуму  кыргыз улуттук интелегенциянын калыптанышына республикада маданий революциянын жүргүзүлүшүнө баа жеткис роль ойногон. Педагогикалык техникум толук эмес орто мектептер үчүн мугалимдерди даярдаган. Педагогикалык техникум да Кыргыз Агартуу институтундай эле билим берүү мөөнөтү 7 жыл болгон. 1929-жылдын августунда партиянын Кыргыз автономиялуу областынын комитетинин пленуму Кыргыз педагогикалык институтун уюштуруу боюнча даярдыктарды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат да биринчи имаратын куруу, жабдуу, окутуучуларды ж.б. кызматчыларды ишке чакыруу милдеттери жүктөлгөн.

1930 –жылы 31- майында РСФСРдин элдик комиссарлар кеңеши "Кыргыз автономиялык республикасынын өнүгүү перспективалары жана партиялык, маданий курулуштар жөнүндө" маселесин карап чыгып, 3 пункттан турган чечим кабыл алган. Анын бири ”Жергиликтүү калктын чөйрөсүнөн квалификациялык кадрларды даярдоо максатында, Кыргыз автономиялык республикасында педагогикалык жогорку окуу жайын уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу” болгон.

1932-жылы 13-январда РСФСРдин Элдик комиссариатынын кеңешинин токтомунун негизинде республиканын жетекчилиги Борбордук пед.техникумдун базасында Фрунзе  педагогикалык институту ачылган. Анда 4 факультет  түзүлгөн. Алар: биология, физика-математикалык, адабият жана коомдук илимдер.Институт алгачкы окуу жылын 1932-жылдын 30-октябрында баштаган, ал эми 1932- жылдын 5- ноябрында пед институттун расмий ачылышы болгон.

1951-жылдын 24-майында СССР министрлер совети “Фрунзе шаарында Кыргыз педагогикалык институтунун базасында Кыргыз Мамлекеттик Университет аталып,  геология жана геодезиялык, тарых, филология, физмат, биология  факультеттеринен турган курамда  түзүлүп,1 – категориядагы Жогорку Окуу Жайы статусу берүү” жөнүндө токтом кабыл алган.

Кыргызстан КПБКнын жана Кыргыз ССРнин Совет Министрлигинин 1972-ж.

1-декабрынан №505 - токтому менен университетке “СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ ” наамы ыйгарылган.

1982-жылдын 24-сентябрынан СССР Жогорку Совет президиумунун указы менен университет “Жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо жана илимий-изилдөөлөрү өнүктүрүүдө кошкон салымдары үчүн” Эмгек Кызыл Туу орлени менен сыйланат.

1993-жылдын 11- августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен КМУ Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети болуп аталат. Ал эми 2002-жылдын 11- майында Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп аталган. 

Түзүлүшү түзөтүү

Кыргыз улуттук университетинин түзүмдөрү түзөтүү

  1. Окумуштуулар кеңеши.
  2. Ректорат.
  3. Окуу бөлүмү.
  4. Бириккен профсоюздук комитет.
  5. Юридикалык бөлүм.
  6. Эл аралык бѳлүм.
  7. Мамлекеттик тил бөлүмү.
  8. Жаштар комитети.
  9. Пресса.

Факультеттери түзөтүү

  1. Математика, информатика жана кибернетика.
  2. Физика жана электроника.
  3. Химия жана химиялык технология.
  4. Биология.
  5. Тарых жана чөлкөм таануу.
  6. География, экология жана туризм.
  7. Журналистика.
  8. Кыргыз филология.
  9. Орус жана славян филологиясы.
  10. Кыргыз-Европа.
  11. Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу.
  12. Башкаруу жана бизнес.
  13. Социалдык-гуманитардык илимдер.
  14. Экономика.
  15. Юридикалык.
  16. Кыргыз –Китай.
  17. Маалыматтык жана инновациялык технологиялар.
  18. Педагогикалык.
  19. Чет тилдер.
  20. Кадрлардын  квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо. 
  21. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
  22. Дене тарбия жана  ден соолук, спорт борбору.

Желеги түзөтүү

 
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун желеги

Желек – тик бурчтуу, кызыл өндүү тасма.

Тик бурчтун ортосунда КУУнун аббревиатурасы: улуттук орнамент менен берилген тамгалар улуттук символду белгилейт, ортодогу “У” тамгасы – “V” Викторияга тиешелүү, жеңиш символунун белгиси.

Негизги түстөр: кызыл жана сары – мамлекеттик желектин түсү. Алтын түс – баалуулуктун жана өнүгүүнүн символу.

Герби түзөтүү

Кыргыз Республикасынын желегинин өңүндөй – кызыл түстөгү тегерек формадагы тасма.

Кызыл тасма ак айлампаны курчап турат жана эки чети алтын түстө чийилген.

 
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин герби

Кызыл тасмада: “Жусуп Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университети” аталышы жазылган.

Кызыл тасманын ичиндеги ак айлампада: КУУнун башкы имаратынын бир нече символдон турган бирдик композициясы чагылдырылган.

а) төмөнкү бөлүмүндө: ачык китеп – университеттин фундаментинин символу.

б) ортодо КУУнун аббревиатурасы: орнамент менен берилген тамгалар улуттук символду белгилейт, “У” тамгасы - “V” Викторияга тиешелүү, жеңиш символунун белгиси.

в) 1932 – окуу жайдын түзүлгөн жылы.

г) окуу жайдын имаратынын чатырынын сүрөтү: коопсуздуктун, комфорттуулуктун, туруктуулуктун кепилдиги.

Негизги түстөр: кызыл жана сары - мамлекеттик желектин түсү.

Ак түс – тазалыктын, ачыктыктын жана чексиздиктин белгиси.

Алтын түс – баалуулуктун жана өнүгүүнүн символу.

Гимни түзөтүү

Сөзү: Жалил Садыковдуку

Музыкасы: Сардарбек Жумалиевдики

Келгиле деп сен эшигин ачканы,

Билим алды миңдеп кыргыз жаштары.

Окуу жайдын ордосу деп биринчи.

Ойлорунда жүрөт дайым сакталуу.

Кайырма:

Улуттук университет,

Билимдин сенсиң булагы.

Улуттук университет,

Жаштыктын жанган чырагы.

Улуттук университет,

Таалайдын өчпөс күнүсүң.

Улуттук университет,

Өмүрдүн соолбос гүлүсүң.

Сен түшүнүп илим-билим  сырларын,

Ким унутсун студенттик жылдарын.

Анда достор тууну бийик  көтөрүп,

Ата журттун арттыралы жыргалын.

Кайырма

Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректорлору түзөтүү

  1. 1951 – 1954-жылдары   -  Жамгырчинов Б.Ж.
  2. 1954 – 1960-жылдары   -  Юнусалиев Б.М.
  3. 1960 – 1977-жылдары   -  Табышалиев С.Т.
  4. 1977 – 1979-жылдары   -  Иманалиев М.И.
  5. 1979 – 1986-жылдары   -  Оторбаев К.О.
  6. 1986 – 1992-жылдары   -  Асанов У.А.
  7. 1992 – 1998-жылдары   -  Токтомышев С.Ш.
  8. 1998 - 2000-жылдары   -  Бөрүбаев А.А.
  9. 2000 – 2005-жылдары  -  Какеев А.Ч.
  10. 2005 – 2006-жылдары  -  Болжурова И.С. (ректордун м.а.)
  11. 2006 – 2008-жылдары   -  Өмүрканов Ы.К. 
  12. 2008 – 2009-жылдары  -  Бекбалаев А.А. 
  13. 2009 – 2010-жылдары  -  Нур уулу Досбол
  14. 2010 – 2011-жылдары  -  Акунов А.А.
  15. 2011 – 2014-жылдары   -  Исамидинов И.Ч.
  16. 2015 – 2017-жылдары   -  Адамкулова Ч.У.
  17. 2017дан - Садыков К.Ж.

Ж. Баласагын атындагы КУУнун белгилүү бүтүрүүчүлөрү түзөтүү

·      Абдраманов Шабданбай (1930 - 1998) – Кыргызстандын эл жазуучусу.

·      Акматов Казат (1941) – Кыргызстандын эл жазуучусу.

·      Байжиев Мар (1935) – Кыргызстандын эл жазуучусу.

·      Брудный Арон (1932 - 2011) – кыргыз окумуштуусу, психолог жана философ, КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.

·      Жоробеков Жолборс (1948) – кыргыз мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагог, тарыхчы, саясий илимдердин доктору.

·      Жолдубаева И.Р. – КРдин Президентинин аппаратындагы сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.

·      Жайнаков Аманбек – КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги, физ.-мат. ил. док., профессор, КРдин эл мугалими.

·      Жумакадыров Темир – КРдин Коргоо Кеңешинин катчысы.

·      Иманалиев М.И. – КРдин УИАсынын академиги, РИАнын мүчө-корреспонденти, илимдин доктору, профессор.

·      Мамазаирова Меңди (1943) – кыргыз акыны, жазуучусу, драматерг, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

·      Кененбаев А.М. – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

·      Касымбеков Төлөгөн – КРдин эл жазуучусу, КРдин баатыры.

·      Плоских В.М. (1937) – кыргыз окумуштуусу, тарыхчы, археолог, тарых илимдеринин доктору, профессор, КРдин УИКсынын академиги, вице-президенти.

·      Садыбакасов Шатман (1932 - 1983) жазуучу, драматург, акын, журналист.

·      Саранов Улан – КРдин Уулуттук банкынын экс-төрагасы.

·      Сулайманкулов К.С. – хим. ил. док., профессор.

·      Табышалиев С.Т. – КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти, т.и.д., профессор.

·      Усубалиев Т.У. – КРдин КПсынын биринчи катчысы.

·      Шаповалов В.И. (1947) – Кыргыз эл акыны, кыргыз филолог- окумуштуусу, ф.и.д., профессор, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

·      Шаршекеев Өзгөрүш (1935 - 2017)– кыргыз окумуштуусу, физик, физ.ил.док., профессор, КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти.

2016-2017-окуу жылындагы маалыматтар боюнча КУУда окутуучулук-профессордук курамдын штаттагы кызматкерлеринин саны 2654. Анын ичинен 1908 кызматкердин окумуштуулук даражасы бар, бул штаттагы кызматкерлердин  71,9% түзөт. Ошондой эле Университетте көмөкчү орунда 271 кызматкер бар, алардын ичинен 183 адам окумуштуулук даражага ээ, бул көмөкчү орундагылардын жалпы санынын 67,5% түзөт. Жалпысынан  КУУда 2837 адам иштейт, алардын ичинен 2091 (73,7%) окумуштуулук даражага ээ, алардын ичинен 103 илимдин доктору даражасына ээ, 469 илимдин кандидаты, 67 профессор, 339 доцент.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун азыркы кездеги белгилүү окумуштуулары түзөтүү

·      Токтомушев С.Ш. - КРдин УИАсынын академиги, тех.ил.док. профессор.

·      Шаршекеев Ө.Ш. - кыргыз окумуштуусу, физик, физ.ил.док., профессор, КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти.

·      Жайнаков Аманбек – КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги, физ.-мат. ил. док., профессор, КРдин эл мугалими.

·      Мамбетакунов Э.М. - КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти, пед. ил. док., профессор.

·      Садыков А. - КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти, фил. ил. док., проф.

·      Даутов К. – Кыргыз эл жазуучусу, фил. ил. кан.

·      Токтосунов А.Т. - КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти, биол. ил. док., профессор.

·      Оторбаев К.О. - КРдин УИАсынын академиги, г.и.д., проф.

·      Артыкбаев М.Т. – филос. ил. доктору, саяс. ил. док., профессор.

·      Печенов В.А. – биол. ил. док., профессор.

·      Иманалиев Т.М. – физ-мат. ил. док., профессор.

·      Чекеев А.А. – физ-мат. ил. док., профессор.

·      Омуров Т.Д. – физ-мат. ил. док., профессор.

·      Карашев Т.К. – физ-мат. ил. кан., профессор.

·      Темиров Б.К. – физ-мат. ил. док., профессор.

·      Байбосунов И.Б. – физ-мат. ил. док.

·      Каракеев Т.Т. – физ-мат. ил. док.

·       Арзыматова А.А. – тар. Ил. док., профессор.

·      Өмүрбеков Т.Н. – тар. ил. док., профессор.

·      Каратаев О.К. – тар. ил. док., профессор.

·      Галиева З.И. – тар. ил. док., профессор.

·      Батырбаева Ш.Д. – тар. ил. док., профессор.

·      Ишекеев Н. – пед. ил. док., профессор.

·      Тиллебаев С.А. – фил. ил. док., профессор.

·      Чыманов Ж.А. – пед. ил. док., профессор.

·      Маразыков Т.С. – фил. или. Док., профессор.

·      Култаева Ү.Б. – фил.ил. доктору.

·      Тагаев Б.Т. – фил. ил. док., профессор.

·      Айтбаев А.А. – филос. ил. док., профессор.

·      Бектурганов К. – соц. ил. док., профессор.

·      Салморбекова Р.Б. – соц. ил. док., профессор.

·      Ахметова Н.А. – фил. ил. док.

·      Асипова Н.А. – пед. ил. док., профессор.

·      Акиева Г.С. – пед. ил. док., профессор.

·      Баячорова Б.Ж. – физ.-мат. ил. кан., КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

·      Искаков И.И. – экон. ил. док., профессор.

·      Идинов К.И. – экон. ил. джок., профессор.

·      Алиев К.А. – экон. ил. док., профессор.

·      Кулова Э.У. – экон. ил. док., профессор.

·      Асанова А.А. – экон. ил. док., профессор.

·      Тургунбаев Ж. – экон. ил. док., профессор.

·      Сарыбаев А.С. – экон. ил. док., профессор.

·      Мусаева Ж.А. – экон. ил. док., профессор.

·      Сманалиев К.М. – юр. ил. док., профессор.

·      Сарымзакова Р.К. – хим. ил. док.

·      Карабаев С.Ө. – хим. ил. док., профессор.

·      Касымбеков Э.Ш. – биол. ил. док.

·      Кулматов Т.Н. – геог. ил. кан., профессор.

·      Ниязов Т.З. – геог. ил. кан., профессор.

·      Жуманалиев Т.Д. – тар. ил. док.

·      Батырбаева Ш.Ж. – тар. ил. док.

·      Арзыматова А.А. – тар. ил. док.

·      Күчүков М.М. – тар. ил. док.

·      Панкова Г.Д. – пед. ил. док.

·      Кадырбекова П.К. – фил. ил. кан., профессор.

“Ж. Баласагын атын. Кыргыз улуттук университетинин Жарчысы” журналы түзөтүү

 
“Ж.  Баласагын атын. Кыргыз улуттук университетинин Жарчысы”, 2016-жылы.

Журнал 1997-жылдан тарта чыгарылып келе жатат. КУУнун илимий-билим берүүчү, маалыматтык басылмасы.  Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан каттоого алынган (Каттоо күбөлүгүнүн № 1530, 2009-ж. 15-май).

Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы сунуштаган алдынкы рецензиялоочу илимий журнал жана басылмалардын тизмесине кирген.

Квартал сайын чыгарылуучу илимий- билим берүүчү жана маалыматтык журнал илимдин бардык тармактарындагы илимдин кандидаты, доктору окумуштуулук даражаларын изденип алууга жазылган диссертациялардын негизги жыйынтыктарын жарыялоо үчүн түзүлгөн. Журналда ата мекендик жана чет өлкөлүк жогорку билим берүүнү модернизациялоонун теориясы менен практикасынын маселелери чагылдырылат. Журналды Россиялык илимий цитата алуу индексинин системасына киргизүү жөнүндөгү лицензиялык келишимине 2016-жылдын 1-мартында кол коюлган, № 03-01\2016.

2016-жыл ичинде жалпысынан 5 чыгарылыш басылып чыккан. Алардын ичинен 4 номери – пландоо, 1номери – атайын чыгарылыш. 2016-жылдагы чыгарылыштардагы бардык макалалар РИНЦке кирди, алар РИНЦтин сайтында тастыкталган.

Журналдын башкы редактору жана бөлүм башчысы – Чотонов У., тар.ил. док., профессор.

Редакциялык-басма кеңешинин чет өлкөлүк мүчөлөрү:

  1. Бородкин Л.И. – тар. ил. док., М.В. Ломоносов атындагы ММУнун профессору, РЕАН мүчө-корреспонденти.
  2. Ахунбаев А. – Евразиялык өнүгүү банкынын өлкөлөрүн изилдөө секторунун башчысы, илимдин доктору, профессор.
  3. Перегудин С.И. – физ.-мат. ил. док., Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун окуу процесси түзөтүү

КУУда окуу процесси төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  1. Бакалавриат боюнча: күндүзгү, сырттан 56 багыт боюнча;
  2. Адистик боюнча: күндүзгү жана сырттан беш багыт боюнча;
  3. Магистратура боюнча: күндүзгү жана сырттан 32 багыт боюнча;
  4. Орто-кесиптик билим берүү боюнча: күндүзгү жана сырттанг 14 багыт боюнча;
  5. Экономика-педагогикалык факультетте Ош шаарында – сырттан 10 багыт боюнча.

Окуу процесси Болон процесси боюнча жүргүзүлөт.

Шилтемелер түзөтүү

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция энциклопедии и Центра госязыка. 2002. - ISBN 5-89750-142-4 - С. 66.
  • http://www.university.kg/