Корей Эл-Демократиялык Республикасынын туусуКорей Эл-Демократиялык Республикасынын мамлекеттик белгилеринин бири. Үч түстүү горизонталдуу (1:2) тик бурчтуу туу, ортосундагы эндүү кызыл тилкеден, үстүндөгү жана астындагы кууш ак таар жана көк тилкелерден турат. Кызыл тилкенин каскагынын башталышында ак тегеректин ичинде кызыл беш бурчтуу жылдыз тартылган[1][2].

Корей Эл-Демократиялык Республикасынын туусу
 КЭДР

Бекитилген

8-сентябрь 1948

Колдонууга

Мамлекеттик желек жана вымпел Желектин расмий же де-юре версиясы, же алдыңкы жагы Арткы бети алдыңкы бети менен чагылуу варианты Желек симметриялуу жана тигинен эркин илиниши мүмкүн

Пропорция

1:2

Желектин автору

Ким Ду Бон

1945-жылы Корей жарым аралы эки аймакка бөлүнгөн.

1945—1948 жылдары Корей жарым аралынын түндүгүндө Жапонияга каршы боштондук күрөшү учурундагы «Тхэгыкки» («Улуу башталыштардын желеги») желеги колдонулган. Бирок, эки корей мамлекетинин пайда болушу жана 1948-жылдын 12-июлунда Корея Республикасы «Тхэгыкки» желегин расмий мамлекеттик туу деп жарыялашы, КЭДРдин өзүнүн туусу иштеп чыгууга мажбур кылган[3].

Корей Эл-Демократиялык Республикасынын туусу 1948-жылдын 8-сентябрында кабыл алынган[4]. Туунун мааниси төмөнкүдөй[4]:

  • Кызыл жылдыз — революциялык салттады, корей элинин рухун жана акылмандыгын чагылдырат.
  • Кызыл түс — корей патриоттору төккөн кан, корей элинин эрки.
  • Ак түс — корейлердин ниетинин тазалыгын билдирет.
  • Көк түс — социализмдин жана тынчтыктын жеңиши, ошондой эле Түндүк Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөштө бүткүл дүйнөнүн революциялык күчтөрү менен биригүүгө умтулуу.
Туу Желек Тараптардын катнашы Колдонуулушу Өкмөт Сүрөттөөмөсү
1945-1948   2:3       Түндүк Кореянын убактылуу Элдик Комитети Жапонияга каршы боштондук күрөшү учурундагы «Тхэгыкки» («Улуу башталыштардын желеги») желеги
1948-1992   1:2         КЭДРдин желеги Үстү жана асты көк, ак тилкелер жана ортосунда жылдыз тартылган кызыл тилке.
1992-а.у.         1948-жыл үлгүсүндөгү желектеги ак тегеректин диаметри жана жылдыздын өлчөмдөрү чоңойтулган
 
Желектин схемасы 

КЭДРдин башка желектери

түзөтүү

Тарыхый желектери

түзөтүү

Галерея

түзөтүү

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү