Кабак – ашкабактар уруусундагы бир жылдык жашылча өсүмдүгү. Кадимки жана катуу кабыктуу ашкабактын тез бышуучу түрү. Өркүнү түз, бир аз бутактанат.Гүлү айрым жыныстуу, сары түстө. Мөмөсү көбүнчө сүйрү, бир аз ийилген. Кабак суукка байымсыз, күрдүү, нымдуу жерде жакшы өсүп, көп түшүм берет. Кабак тез жетилип, өнүп чыккандан кийин 40-50 күндө жегенге жарайт. Мөмөсүндө 2,55% кант, 0,55% белок, 0,13% май бар. Толук быша элек мөмөсү консерваланат, ошондой эле малга (уй, чочкого) берилет. Гектарынан 200-300 цден түшүм алынат. Кабактын райондоштурулган сорттору: Грек 110 (Орто Азияда), Грибов 37 (Россия Федеациясы, Украина, Беларуссия), Сотэ 38 (Молдавия, Тажикстан) ж. б. Кабактын уругу топурактагы температура 12-15°Сге жеткенде себилет, көчөттөрү 20-25 күндө отургузулат. Кыргызстанда негизинен Грек 110 сорту эгилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү