«Кабарчыга өлүм» (англ. Kill the Messenger, орус. Убить гонца) - Америкада 2014-жылы жарыкка чыккан криминалдык триллер. Режиссёру Майкл Куэста, сценарийин жазган Питер Ландесман. Тасма ушул эле аталыштагы Ник Шунун китеби менен Гари Уеббдин Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) кокаин аткезчилигине каршы күрөшү тууралуу баяндаган «Көмүскө биримдик» китебине негизделип тартылган. Кинотасмада Жереми Реннер башкы ролду жаратып, ага өзү алгачкы жолу продюсерлик да кылган. Фильм 2014-жылдын 10-октябрында экранга чыккан.

Кабарчыга өлүм
Режиссеру Майкл Куэста
Продюсер
Жазуучу Питер Ландесман
Оператору Шон Боббитт
Негизинде Кабарчыга өлүм
автору: Николас Шу
Дарк Алианс
Гэри Уэбб
Тартылгандар
Музыкасы Натан Жонсон
Редактору Брайан А. Кейтс
Студия
  • Bluegrass Films
  • The Combine
Жайылтуучу Focus Features
Чыккан жылы
  • октябрь 10, 2014 (2014-10-10)
Узактыгы 112 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $5 млн[2]
Киреше $2.5 млн[3]

Сюжети түзөтүү

Журналист Гари Уеббдин башынан өткөргөн окуясына негизделген тасма 1990-жылдардын ортолорунда ишке ашат. Никарагуадагы көтөрүлүшчүлөрдү жашырын түрдө каржылаш үчүн АКШга кокаин ташуу аракеттерине БЧБнын ыктымал катыштыгы бар экенин Уебб ачып чыгат. Уеббге алыс турушун талап кылып, катуу басым жасаганына карабастан журналист окуяны андан ары иликтөөнү улантып, топтогон далилдеринин негизинде «Көмүскө биримдик» деп аталган макалалардын топтомун коомчулукка жарыялап жиберет. Мунун артынан БЧБ тараптан анын беделин түшүрчү балит жалаа кампаниясы башталат. Журналист өз беделин, үй-бүлөсүн жана жанын сактап калуу үчүн күрөшөт.

Тартылгандар түзөтүү

Тасма өндүрүшү түзөтүү

Тасманын 2014-жылдын 10-октябрында экранга чыга турганын Focus Features ошул эле жылдын 5-мартында жарыялаган.

Тасманын тартылышы түзөтүү

Негизги тасма тартуу иштери 2013-жылдын 16-июлунда АКШнын Жоржия штатындагы Атланта, Кобб жана Дикейтер шаарларында башталган.

Обону түзөтүү

Натан Жонсон тасмага саундтрек жазып, Back Lot Music студиясы бул саундрек кошулган альбомду 2014-жылдын 7-октябрында жарыкка чыгарган.

Шилтемелер түзөтүү

  1. KILL THE MESSENGER (15). British Board of Film Classification (February 10, 2015). Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2015.
  2. http://www.the-numbers.com/movie/Kill-the-Messenger#tab=summary
  3. Kill the Messenger (2014). Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2014.