Каба-Сай
Каба-Сай – Базар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн оң куймасы. Узундугу 26 км, алабынын аянты 137 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү апрель-майда, эң азы январь-февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыштактары жайгашкан.
Каба-Сай
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 26 км |
бассейндин аянты | 137 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Жалал-Абад облусу |
Район | Базар-Коргон району |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5