Кабиров Сарымсак 1926-жылы азыркы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.

  • 1940-1943-жылдары 14 жашынан баштап, "Ленин Жолу" колхозунда эмгектенет.Кийин жашы жеткенде,
  • 1945- жылы аскерге чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышат.
  • Согуштан келгенден кийин, 1947-жылы алгач, киномеханик кесибине окуп, 1949-50-жылдары Жалал- Абадтагы Зооветеринардык окуу жайын бүтүрүп, ветеринардык фельдшер кесибине ээ болот.
  • Андан соң, билимин дагы жогорулатып, 1954-60-жылдары Зооветтехникумун ийгиликтүү аяктап, өрөөндөгү алгачкы кесипкөй ветеринар болгон.Эмгек жолун 1950-1953-жылдары Жалалабад облусунун Октябрь районунун, Фрунзе колхозунда ветфельдшер болуп баштап,
  • 1960-1963-жылдары “ Ленин жолу” колхозунда ветеринар, 1963-1981 -жылдары бир нече колхоздордон ирилештирип түзүлгөн «Дружба» совхозунда, ветеринардык врач болуп эмгектенген.
  • Жалпы эмгек стажы 40 жылдан ашып, ак эмгеги бааланып, мамлекет тарабынан көптөгөн Ардак грамоталар жана орден, медалдар менен сыйланган.
  • Согуштун жана эмгектин ардагери көп кырдуу, сырдуу киши болгон.
  • Санжыра айтып, кыргыздын урууларын, казак, хакас жана башка, Энесайдан берки келаткан тукумдар жөнүндө баяндап жана кол жазмаларын калтырган.
  • Ал эми элдик ырлар, макалдарды, санаат сөздөрдү да жыйнап жүргөн.
  • Ошондой эле дары чөптөрдүн сырын изилдеп, кайсы ооруга дары болушун кайсы мезгилде теришин билген, элдик дарыгер болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3