Кавал (болг. кавая, алб. kavall, рум. caval - флейта) - болгар, албан, румын, молдаван элдерине кеңири тараган үйлөмө, 6-8 көзөнөктүү музыкалык аспап.

Анын бир түрү жыгачтан жасалган флейта. Уз. 500дөн 900 мм. чейин. Жеке, ансамблге, эл аспаптар оркестрине кошулуп аткарылат. Диапазону 2,5 октаваны түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.